Айымдардын денесинин өзүлөрүнө жакпаган, бирок эркектер жан-алы калбай сүйгөн 6 бөлүгү

Аялдар көбүнчө сырткы келбетине жана фигурасына нааразы боло беришет. Айымдардын эн сулуу, эң жагымдуу өкүлдөрү да сырткы келбетиндеги ондогон "кемчиликтерди" атай алышат: же манжалар кыска, же көкүрөк өтө эле кичинекей.

Бирок эркектер, тескерисинче, мунун баарын сүйүктүү аялдарынан байкабайт деле, ал тургай, эң сексуалдуу деп эсептеген дененин бир нече бөлүгүн атай алышат.

 

 

Буттары

Эң башкысы, алар жакшы каралган болсо. Бул чындыгында аялдын денесинин эң жагымдуу бөлүктөрүнүн бири.

Колдору

Тыкан, этият маникюр жана жагымдуу жыпар жыттуу крем - бул жагымдуу колдун сыры.

Манжалар

Таң калыштуусу, сурамжыланган 10 эркектин 8и жолугушканда манжаларына көңүл бурушат экен.

Бел

Венеранын чуңкурчасы менен сүйкүмдүү ийилген белин эркектер аялдын образындагы эң сексуалдуу көрүнүш деп эсептешет.

Бир-эки ашыкча килограмм

Миллиондогон эркектер бир аз толугураак кыздарды арык кыздардан артык көрүшөт. Моделдин арыктыгы модель бизнесинде гана талап кылынат, бирок чыныгы жашоодо андай эмес.

Көкүрөк

Бирок бул жерде пикирлер ар башкача: айрымдары кичинекей көлөмдү жактырса, башкалары чоңду. Ар биринин өзүнүн билерманы жана баалоочусу бар деп толук айта алабыз.