Айымдар үчүн фитнестин эмне пайдасы бар?

Фитнес. Кулакка жакшы угулган заманбап модалуу сөз, бирок, ал эмнени түшүндүрөөрүн билесизби?

Көпчүлүк фитнести аэробиканын бир бөлүгү деп эсептейт, бирок бул андай эмес.

Англис тилинен которгондо, фитнес – (to be fit) форманы кармоо, активдүү жашоо дегенди билдирет. Ошондуктан, фитнес аэробиканын бир түрү эмес, дене менен духту камсыздаган жашоонун стили.

1. Тынымсыз фитнес менен алектенүүдө организм жана булчуңдар бекемделип, ашыкча салмак кошууга жол бербейт. Демек, канчалык көп тамактансаңыз деле салмак кошпойсуз.
2. Ар бир айымдын дене-мүчөсү ар кандай формада болот. Андыктан машыктыруучу ага ылайык фитнестин кайсы түрү менен алектенүү туура болоорун аныктайт. Натыйжада туура машыгып, идеалдуу дене-мүчөгө ээ болуп, сымбаттуу айымдардын катарын толуктайсыз.
3. Фитнес менен такай алектенип жүргөндө бир нече убакыттан кийин жалпы организмдин абалы жакшырып, өзүңүздү абдан жакшы сезе баштайсыз. Жүрөк-кан-тамыр системалары жакшырат. Ишке болгон жигердүүлүк пайда болот. Ийкемдүүлүккө жетесиз.
4. Кош бойлуулук учурундагы фитнес жеке программа менен машыктырылат. Анын натыйжасында төрөттөн кийин калыбыңызга оңой эле келип аласыз.
5. Фитнес стресс-депрессияга кабылууга жол бербейт.
6. Фитнес кээ бир комплекстерден арылтат. Башкача айтканда тартынчаактын сапатынан толугу менен кутулат.
7. Өзүнө болгон ишенимдүүлүгү артат, өзүн-өзү баалоого үйрөнөт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.