Айымдар эмне үчүн ала жипти аттайт?.. Анын 5 себеби бар

Ала жипти аттоо аялзатынын аярлуу жан дүйнөсүнө оор тийген олуттуу маселелердин бири. Психолог Рене Ли айымдар эмнеликтен ала жипти атташат деген суроого мындай жооп берет.

Психологдун айтымында  мунун 5 себеби бар.

 

1. Өзгөрүү мезгили

“Аялзаты университетти аяктап жатканда, бир жумуштан кетип экинчи жумушту баштап жатса же ата-энесинен, жакын туугандарынан ажыраса, мындай учурда анын жеке турмушун анализдеп алуу жөндөмдүүлүгү күчөйт”,- дейт Ли. Кээ бир селкилер үйлөнүү үлпөтү жакындаганда, диплом алаарда башаламан сезимдерди башкара албай, жашоодогу ордун издей башташат. Жашоонун өзгөрүшү алардын тынчын кетирип, кимдир бирөө аны алаксытуусун каалайт.

2. Көңүл бурулбай калса...

Айымдар дайыма колдоп-коштоп, мактап турууга муктаж. Эгер айым чоң майрам уюштуруп, үй ичине жаркыратып ремонт жасатып, же жумушунан жогорулаганда, аны байкамаксанга салуу жигит тарабынан кеткен эң чоң каталыктардын бири . “Ар бир аял жубайы же өнөктөшү аны баалап-барктап, сыймыктанып, мактап турушун самайт” деп белгилеп кеткен Ли. Мындай болбой калган учурда аялдар башка тараптан колдоону күтүшөт. Өз күйөөсүнөн табалбаган жылуулукту башка жактан таап, отко айланган көпөлөк сыяктанат.

 
3. Мамиленин аяктап баратканын сезүү...

Аялзаты сезимтал жан. Мамилеге жакында чекит коюларын алдын ала сезе алат. Мындай учурда айымдар көңүлдөгү боштукту толтургусу келет. Анын дагы бир себеби жоготуу соккусун жеңил кабыл алыштын айласын издегендеги амалы.

 
4. Түгөйлөрдүн чогуу кубанбай калышы

Ортодогу мамилени чөп жулгандай эле жулуп ыргытып жиберүү оңой иш эмес. “Эгер сен күлбөсөн, демек сүйбөйсүң. Күлкү – чогуу бир нерсеге күлүп, кубануу бул мамилени бекемдөөчү элементтердин бири. Өнөктөшү менен чогуу кубанычка бөлөнбөй калгандан тартып аял кайгы-муңга батып, өзүн бактысыз сезет. Мындай учурда кесиптештердин же тааныштардын арасындагы шайыр-шатман жигиттерди эстей баштайт да  жашоосун кубанычка бөлөгүсү келген азгырык пайда болот.

 
5. Төшөктөгү бактысыздык

Төшөктөгү маанай шаттыкты эркектер гана эмес, аялдар дагы каалашат. Аялзаты өзүн каалап турганын самайт. А болбосо чүнчүй баштайт. Сексуалдык жашоо тууралуу тасмалар, китептер аябай көп. Курдаштар да бири бирине сексуалдык жашоосун сыр катары айтып беришет.

 “Төшөктө бактысын таба албаган аял өзүн башкаларга салыштырып бир нерседен кур калгандай сезимде болот. Өз өнөктөшү менен канаат ала албаган башка жерде башка адам менен төшөк кумарына баткысы келет”,

- дейт психолог.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.