Айтып бүтпөс сулуулук: Эң жагымдуу айым экениңиздин 10 белгиси

Чыныгы сулуулукту сөз менен айтып бүтө албайсың. Айланадыгалыр сизди жагымдуу деп ойлоорун кантип түшүнсө болот?

Алыда, сиз жагымдуу айым экениңиздин 10 далили. Сиз андай эмесмин деп ойлогон күндө дагы!

 

1. Дайым жылмаясыз

Айымдын позитивдүү маанайы элди дайым өзүнө тартып турат. Эгер сиз жылмайганды, ошл эле кезде андан ыракат алганды билсеңиз, эркектер сизди эң даамдуу жемиштей көрөөрүнөн шек санабай эле коюңуз.

2. Сиз пайда болгон маалда баарынын көңүлү бурулат

Эгер кечелерде дайым айланадагылардын кызыкка көз карашын байкасаңыз, анда бул, сиз адамдарга таасир калтырганды билесиз дегендик.

3. Айланадагылар, сиздин кемчиликтериңиз бар экенине ишенбейт

Адамдар, сиз өз келбетиңиз тууралуу кабатыранганыңызды айтып жатканда, түшүнбөгөн көз караш менен карашабы? Албетте. Алар, сизде да кемчиликтер бар экенине ишене алышпайт.

4. Сиз жалгыздыкта дээрлик болбойсуз

Сиз дайым көп сандагы адамдар менен баарлашып турасыз: жолугушууларга барасыз, туугандарга конокко барып жана курбулар менен отуруштарды уюштуруп турасыз. Эгер жалгыздыкта болууну кааласаңыз, дээрлик убактыңыз болбойт.

5. Сизди тажаткан ашык болгон адамдарыңыз бар

Кээ бир эркектер сизди кыжырлантып жатканын билгенине карабай, сизди аңдыганын токтотпойт. Айтмакчы, мындай ашыктарыңыздан бир нече болушу мүмкүн!

6. Адамдарга жардамды көп бересиз

Эгер сиз альтруизмди көрсөткөнгө көнгөн болсоңуз, анда айланаңыздагылар сизди абдан жагымдуу адам деп билишет.

7. Калпты жек көрөсүз

Сиздин ката турган эч нерсеңиз деле жок. Дайым чындыкты айтканга аракет кыласыз жана башкалардан да ошону күтөсүз. Бирок, жарыңыз же жигитиңиз тууралуу бардык нерсени айта берген туура эмес! Кээде үн катпай койгон туура. Албетте, сиз андай кылбайсыз!

8. Косметиканы колдонууда чектен чыкпайсыз

Керек болсо, үйдөн боёнбой эле чыгып кеткен убакта да, өзүңүздү ишенимдүү сезесиз.

9. Саламат жашоо образын өткөрөсүз

Саламаттыкты чагылдырып турган айымдан жагымдуу эч нерсе жок. Ошондуктан, туура тамактаныы менен физикалык машыгууну унутпаңыз. Чылым жана башка жаман адаттар тууралуу айтпай эле коёлу.

10. Сизде кандайдыр бир өзгөчөлүк бар

Сиз өзүңүздү кандай болсоңуз ошондой сүйөсүз жана жашоодон эмне алгыңыз келгенин так билесиз.

 

Жогоруда саналган сапаттар айымдарды сөз менен айтып болгус жагымдуу кылат, бул болсо анын сырткы келбетинен көз каранды эмес. Эгер аларды өзүңүздөн тапсаңыз, анда жагымдуу айыммын жеп ишене берсеңиз болот!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.