Айланаңдагы адамдарды кыжырланткан жосунсуз 11 адат

Баарыбыздын эле зыяны жок, бирок башкаларды кыжырланта турган адаттарыбыз бар экенин мойнубузга алыш керек.

Биз аны өзүбүз көп байкай бербейбиз, бирок кээде жаныңдагы нерви жука адамдар титиреп кетет.

Anan.kg тез арада арылууга аракет кылчу 11 жосунсуз адатты тизмектеди.

1. Душтагы чачтар

Жалгыз жашаган күндө, буга көңүл деле бурбашың мүмкүн. Эгер жалгыз жашабасаң, анда дайым артыңан жыйнай жүр – сени менен жашаган адамга, сенин чачыңа чалынып сууга жуунган жагаары күмөн.

2. Коомдук жайларда тамактануу

Аромат – бул чекеси эле. Мейли, кичине колбаса менен нандын сыныгы болсун, бирок 10 адам иштеген офисте эмес. Маршруткадагы беляшты айтпай эле коёлу.

3. Телефон менен сүйлөшүү

Кээде ашыкча болуп кетет. Туура, кээде шашылыш жооп бериш керек, бирок досуң менен жарым саат эмне кылганыңды айтып эмес. Өзгөчө дүкөндө кассага кезекте турганда, же маршруткада бара жатканда, тегерегиңдеги 20дай адам сени тыңшап, жинденип турганда.

4. СМС

Суроо менен илеп белгисин, смайликти көп колдонгондо, окуган киши чын эле кыжырланат. Же калппы???!!! Мындай!!! Кылып!!! Кереги!!! Жок!!!%)))))

5. Кечигүү

Өзүңдү чындап эле сени күткөн адамга караганда ишиң көп сезесиңби? Сени жарым сааттан бери күтүп жатса, үйүңдөн чыга элексиң. Башканын убактысын сыйла.

Кечикпей жүрүү – жакшы сапат, аны өркүндөт!

6. Селфи

Ооба, селфи, обу жок селфи – жаман адат, чындап эле досторуңду кыжырлантат. Жөн гана сага айтпайт. 1-2 жумада бир селфи кылып койсоң болот, бирок күндө эмес.

7. Диета жөнүндө сөздөр

Эгер сен диетада отурсаң – ал жөнүндө дайым эле айта берүү туура эмес. Чынында сенин диетаң менен эч кимдин деле иши болбойт. Эң башкысы, башкаларга тыңсынып, диетаңды таңуулаба.

8. Мына келип калдым

Эгер кечигип жатсаң, бир сааттан кийин бараарың белгилүү болсо, эч качан: “Мына чуркап баратам”, “Беш мүнөттөн кийин болом”, “Учуп баратам” деп айтпа. Бул жаман адат. 

9. Сөөктөрдү кырсылдатуу

Көбү, манжаларын, моюнун же башка муундарын кырсылдатып атканын өздөрү байкабай калышат. Бул үн башкаларга жакпасы белгилүү эле.

10. Менин жашым өтүп кетти

Өзгөчө, 22 жашта болуп туруп, өзүңөн 10 жаш улуу адамга жашым өтүп баратат деп айтсаң... 

11. Ооба, угуп атам

Сүйлөшүп жаткан учурда телефонуңду чукулай берсең, анан дагы: “Угуп атам, айта бер” – деп турсаң, ишенип кой, накта ошондо жан кашаят.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.