Айдын ары жагында эмне бар? Кытайлар биринчи болуп Айга конушту

Ай бизге дайыма бир жак бети менен гана көүнөт. Айдын караңгы, бизге көрүнбөгөн жагында эмне бар экени адамдарды дайым кызыктырып келген. Айдын аркы жагына алгачкылардан болуп Кытайлыктар конду! Айга буга чейин адам баласы барып келген бирок бизге көрүгөн бетине гана.

 

 

Бирок адам баласынын буту тийгендерден биринчи болуп америкалыктар барган. 1969-жылы Американын “Аполлон 11” кемеси менен космонавттар айга конушкан. Айга эң алгачкы буту тийген бул Нил Армстронг болуп эсептелет.

 

 

 

Андан бери канча жылдар өттү Ай жакшы эле изилденди. Аба жок, суу жок, жашоого мүмкүн эмес экени эчак эле белгилүү болгон. Анда эмнеге Кытай кайра спутнигин учурду? Чын эле Айдын караңгы бетинде башка нерселер болушу мүмкүнбү?

 

 

 

Америкалыктардын изилдөөлөрүнө таянсак Айда байыркы цивилизациянын калдыктары бар деп айтып чыгышкан. Болгондо да бизден алда канча өнүккөн. Айга комета, астероиддер көп түшкөндүктөн көптөгөн кратерлерди көрүүгө болот (тегерек оюкчалар) мүмкүн ошол себептен улам байыркы цивилизация талкаланып калганбы? Же алар башка планетадан жашоо таап Айдан биротоло учуп кетишкен деген божомолдор айтылып келет. Кантсе да Айды дагы да изилдесе көп нерселер табыла тургандай, кытайлар да жөн жерден бир нерсени кылышпайт эмеспи. Билгендери бар үчүн Айга спутник учурушса керек. Эми баарын убакыт көрсөтөт..

 

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз