Аялзатынын ден соолугун начарлаткан 9 элемент

Биз аялдар жашообуздун көпчүлүк учурун биз үйдө өткөрөбүз, уктайбыз, эс алабыз, мейман күтөбүз, иштейбиз. Биздин үй бул биздин жашоонун күзгүсү, ошондуктан үйдүн энергетикасы ден соолугубузга, адамдар менен болгон мамилебизге, тагдырыбызга, дегеле күнүмдүк турмушубузга чоң таасир берип турат. 

Үйүбүздө жакшылык, сүйүү жана бакыт-таалай мол болсун десеңиз үйдү терс энергиядан тазалоо зарыл. Байыркы чыгыш илими фэн-шуй эрежеси боюнча айрым терс энергиянын очогу болгон буюмдардан эртерээк кутулуш керек.

 

 

Белектер

Эгер тууган-туушкан, досторуң белек кылган, бирок сага жакпаган буюмдарды эртерээк жок кылбасаң, туугандарың жана досторуң менен түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Сага жакпаган буюмдар көрүнөө жерде турса аны көргөн сайын капаланып, энергетикаң начарлап, өзүң менен кошо үйдүн дагы энергетикасын начарлата баштайсың. Ал эми сага такыр жакпаган адамдардан алган белектер мындай буюмдарды айырбаштап ал, сатып жибер, же кимдир бирөөлөргө белекке берип кой.

Сынган, бузулган техника

Биоэнергетика боюнча адистер техникалар аркылуу адамга тер энергиялар агылып келээрин айтышат. Телефон, телевизор же радио иштеген абалда болсо кооптуу эч нерсе жок, ал эми бузулуп, сынып, иштебей калган техникалардан терс энергия бөлүнүп чыгат. Эски монитор, компьютердин “мээси” системдик блок катуу терс таасирге ээ болгондуктан онко-залалдуу шишик ооруусун пайда кылат.

 
Гезит-журналдар

Үйгө эски гезит-журналдарды, үй бүлөлүк архивди сактаба! Булар үйгө чоочун адамдардын энергиясын алып келип жашооңдо башаламандыкты пайда кылат. Эскирген кагаздар, гезит-журнал дегендер үй жашоочуларынын ой жүгүртүүсүн тизгиндеп, кудум жөргөмүштүн желесинде жашообузду тордоп, акыл-эсти тумандатат.

 
Оорукана кийими

Эгер көп учурга чейин ооруканада жатып калсаң, ооруканада пайдаланган төшөк-шейшеп, кийимдериңди жана буюмдарыңды үйгө чыгып келээр замат чечип өрттөп сал. Ал кийимдерди жана буюмдарды үйгө жолотпо. Анткени ооруканалар илдет-дарттын жана капалык-кайгы, азаптануунун энергетикасына сиңип калган. Ал буюм, кийимдер менен кошо үйгө көйгөй, оору, жаман ойлор кошо келет.

 
Каза болгон адамдын буюмдары

Бул дүйнөдөн көзү өткөн адамдын буюм-тайымын таштоо өтө оор, жүрөгүңдүн бир тилими ошол буюм менен кошо кеткен сыяктанат. Бирок... адистер эскертет: каза болгон адамдын буюмдары, кийимдери бактысыздык гана алып келет. Аны көргөн сайын жоготуу кайгысын тартасың. Кийимдерди кайрымдуулук фондусуна бериш керек, керектеген адамдар кийип кубанып калсын. Сүрөттөрүн болсо эстеликке өзүнчө альбомго сактап койсоң болот.

 
Эскирген тазалык куралдары

Эски шыпыргы, калак, пол сүрткүч жана пол жууган чүпүрөктөр өтө жаман энергетикага ээ. Бул буюмдар аркылуу үй ээсине жакырчылык келет. Эгер үйдөгүлөр көп ооруп, үйдө жагымсыз окуялар уламдан-улам кайталана берсе эски тазалык куралдарын ыргытып, жаңысын алыңыздар. Шыпыргы, калак, пол жуугучтар жаңы, тыкан абалда, оозу жабык жерде сакталышы зарыл.

Сынган идиштер

Чети кетилген сүйүктүү чөйчөгүңүздү таштагыңыз келбейт. Бирок, мындай кетилген, бир жери сынган, жарака кеткен идиштерди үйдө сактап чоң катачылык кетиресиз. Идиш – үй бүлөнү, бакыбат турмушту, берекени символдоштурат. Чыгыш накылында айтылгандай Жарака кеткен идиш жарака кеткен турмуш. Мындай идиштен тамактануу демек, өзүңө жамандыкты чакырганың. Мындай идиштерди эртерээк таштандыга ыргыт.

 
Терилер, катырылган жаныбарлар

Эликтин мүйүзү, аң терилери, катырылган жаныбар үйгө жаман энергетиканы пайда кылат. Мындай кооздуктардын үйгө кереги деле жок. Мындай буюмдар коркунучту, каардуулукту, зордукчул өлүмдү элестетет. Өлгөн жаныбарлардын денеси жерге көмүлүшү керек, аларды катырып үйгө коюу жырткычтык.

Жасалма гүлдөр

Пластик гүлдөр чаңдын баарын өзүнө жуткан чаң соргуч гана болбостон өзүнө жаман энергетиканы топтогуч келет. Мындай гүлдөрдө үйдүн абасына жагымсыз тартуулаган жаман энергия топтому бар. Эгер бактылуу, деним сак болсун десең мындай жасалма сулуулуктан алыс болгонуң жөндүү. Адамдагы саламаттыкты уурдап, бакыт-таалайдын жолун тоскон жогоруда аталган буюмдардан арылгандан кийин, тазалоо жөрөлгөсүн жасайбыз. Колуңа кургаган шыбакты, арчаны, жыпар жыттанган шамдарды алып босогодон тартып сааттын жүрүшү сыяктуу үйдүн ичин айланып ар бир бурчка токтолуп олтуруп кайрадан босогого чейин келесиң. Өзүң билген келме, куран, дубаларды кайталап, Жараткан сиздин үй жайыңызды уруш-чатактан, жамандыктан, көз-назардан, көрө албастыктан, чыгаша жана өрттөн сакташын үйүңүздө тынчтык, кут-береке, үй жашоочуларында ден соолук, бакыт-таалай болушун Кудайдан сураныңыз.

Адам уйку учурунда энергетикасы алсызданып, өзүн коргой албайт, ошондуктан терс энергетика түнкүсүн катуу таасир тийгизет. Ошондуктан уктоочу бөлмөгө өзгөчө көңүл буруңуздар.

Үйдөгү күзгүлөргө астейдил мамиле жасагыла, үйдө чети кетилген, сынган, жарака кеткен күзгү болбосун. Күзгүнү тазалап, жакшы караш керек. Ага каранганда дагы өзүңө сый-урмат менен мамиле жасагын. Аялзатынын ден соолугуна, жан дүйнөсүнө өз үйүнүн энергетикасы абдан зор таасир берет. Ошондуктан өзүңө жакпаган эски буюмдарды таштап, үйүңдү тазалап айланаңа жалаң жакшы нерселерди жыйнаганга аракет жаса.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.