Аялзатына абадай керек болгон 5 витамин. Кайдан алабыз?..

Аялзатынын организми – аябай назик түзүлүш, керектүү витаминдерди убагында алып турбаса, начарлап, өзгөрүүгө учурайт. Эреже болгондой эле кандайдыр бир витамин жетишсиз болсо, сырткы теринин өзгөрүүсү, чачтадын түшүүсү, теринин кургашы, ар дайым чарчанган абалга алып келүүсүнө таасирин тийгизет.

Ар дайым өзүн жакшы сезип, ошондой эле сымбаттуу көрүнүш үчүн аялзаты өзүнө өзү керектүү витманиздерди камсыз кылып, көзөмөлдөп турушу керек.

 

 

А витамини

А Витамини - акнтиоксидант, көздөрдүн жакшы көрүүсүнө, сөөктөрдүн катуулугуна, чач жана теринин сымбаттуу болуусуна керек. А витамини (ретинол) организмдин туура алмашуу процессин жакшыртат. Бул витаминдин  нормалдуу болушу, тулку бойго ашыкча майлуулукту чогултуп салбастан, жайыраак калыпка салат. Ошондуктан, А витаминин дененин актуалдуу болуусунун витамини дешет. Андан сырткары А витмамини карылык белгилердин болбошуна да салымын кошот. 

А витамин кайсы заттарда көп: укроп, шпинат, петрушка, жашылча, мөмө жемиштердин сары жана саргылт (оранжевый) өңдөрүндө.

Е витамини

Е витаминини аялзатына эң керектүү витамин болуп саналат. Жетишсиздигинин белгилери: бул витамин жыныстык органдардын иштөөсүндө чоң роль ойнойт, андыктан, мындай учурда тукумсуздук келип чыгат. Мындан тышкары, Е витамини жетишпегенде боор клеткаларында ашыкча май иштелип чыгып, натыйжада, боорду май басат. Е витамининин жетишсиздигинде эмне менен азыктануу керек? Е витамини жашылчалардын жашыл бөлүгүндө, күнкарама майында бар. Ал эми анын организмге жакшы сиңиши үчүн цинк керек. Бул витамин баклажанда, бадыраңда, козу карында, ашкабакта, сарымсакта, жумурткада, күнкарамада бар керек.

 

В витамининин жетишсиздиги

В тобунун витаминдеринин жетишпеген учурунда бизде уйку качат, маанайыбыз түшөт, тамакка болгон табит жок болот. Салмагыбыз кескин түшүп кетет, тез эле энтигип кеткендиктен, эң жөнөкөй физикалык жумуштарды жасоо кыйынга турат. Эң негизгиси, бул өзгөрүүлөрдүн баары баш оору менен коштолот. В витамининин жетишсиздигинде эмне менен азыктануу керек? В витаминине бай азыктар: сүт, сыр, быштак, кара нан, буурчак, боор, уйдун эти, жумуртканын сарысы.

 

С витамининин жетишсиздиги

Организмде С витамининин жетишпестигинин белгилери: бир аз эле соккудан, а түгүл бир нерсенин тийип кетүүсүнөн дене көгөрүп чыгат. Бүйлөлөр канайт, көздүн көрүшү начарлайт. Такай алсыроо байкалат. С витанмини жашартуунун да витамини деп коюшат. С витамининин жетишсиздигинде эмне менен азыктануу керек? С витамини грейпфрутта, лимондо, карагат, ит мурунда, капустада жана башка көптөгөн жашылча-жемиштерде бар.

К Витамини

К витамини боор жана бөйрөктүн жакшы иштешине таасир берет, ошондой эле, сөөк ткандарын иштөөсүнө өзүнүн салымын кошот. Жакынкы маалга чейин врачтар адамдын организмине бул витаминдин пайдасы бар экенин анча деле маани беришкен эмес.

К витаминин дагы бир жакшы жагы жүрөк кан тамыр системаларынын иштешине да салымы чоң. Адамдын сырткы келбетине пайдасы тийбегени менен ички органдардын иштешин жакшыртат. Эң негизгиси сулуу болуш үчүн ден соолук чың болушу абдан маанилүү.
Жумурткада, малдын боорунда, балык майында көп кездешет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.