Аялыңыз сизден тажаганынын 7 ачык белгиси

Мамилелердин үзүлүүсү кокустан эле келбейт. Ага чейин билинээр билинбес белгилери болот. Өнөктөшүбүзгө көнүп калгандыктан анын көңүлү калган жана бактысыз болгон белгилерин байкабайбыз.

Алдын ала билбесек бул белгилерди байкаш оор. Төмөндө аялыңыздын тажаган көрсөткүчтөрү:

 

1. Күтүлбөгөн жерден эле алыстап кетти

Туталанып жүргөнүн аялыңыз көпкө жашырышы мүмкүн. Жетчү чегине жеткенде сизден алыстап баштайт.                       

Адаттагыдай жаркылдагандын ордуна муздак жана катаал түнт адамга айланат.

2. Түнт

Аялыңыз мурдакыдай тажаткан суроолорду бербей калды. Албетте сизге жашаганга жеңил болуп калды, бирок бул коркунучтуу белги. "Эч нерсе өзгөртө албагандан кийин эмнени айтат элем"-деп ойлойт. Демек сөздү сиз баштап үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү чечкенге убакыт келди.

3. Сиз менен аз убакыт өткөрөт

Чогу болуу мамиленин негизи. Эгер мындай кылбасаңар аялыңар жалгыздыка көнүп баштайт, болгон сүйлөшүү балдар жана үй жөнүндө эле болуп калат. Эгерде байкасаңыз дароо аялыңызга көңүл буруп баштаңыз.

4. Түгөнбөс башка пландары

Сизге караганда достору менен болгонду тандайт. Сиздин дем алыш күнгө планыңыз кызыктырбайт. Баарынын жеке убактысы болуш керек, бирок көп кайталанып баштаса – бул белги.

Сизди ким менен кайда болбосун тоскоолдуксуз жиберип баштаса ойлонуңуз.

5. Секс кызыктырбай баштайт

Интимдик жашоонун жоктугу – жаман белги. Сиздин мээримиңизден качып баштаса бир нерсе болгонун түшүнөсүз. Секске кыйнабаңыз, баарын оорлотуп жиберишиңиз мүмкүн.

6. Сизди сыйлабай калат

Болоор болбос нерсеге кыйкым таап, ар бир сөзүңүзгө чучука жеткен жооп берип баштадыбы? Досторуңузга сизди болгонун болгондой айтып жамандап баштаганы тамаша эмес. Элдин көзүнчө кемсинтип, мазактаганга кылган аракетин олутту карашыңыз керек.

7. Чалууларыңызга жооп бербей калды

Эгерде билдирүүлөрүңөргө шашпай жооп берип баштаса сизге болгон кызыгы жоголду. Сиздин сөздөр мурдакыдай кубантпайт. Кабатырланып баштаңыз.

Эгерде жогоркулардын бир белгисин байкасаңыз, дүрбөлөң салбай кое туруңуз. Үй бүлөңүздүн ажырашууга жеткени эмес, бирок аракет кылып баштоонун белгиси. Кайгырып отуруп албай, кеч болуп кала электе, аялыңыз экөөңөрдүн мамилеңерди оңдогонго аракет кылып баштагыла.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.