Аялы үйгө күндөгүдөн эрте келип күйөсүн жаш кыз менен кармап алат...

Аялы менен күйөөсүнүн мамилелеринен кичинекей тамашалуу көз ирмемдер.

 

 

Аялы үйгө күндөгүдөн эрте келип күйөсүн жаш кыз менен кармап алат.

Таң калып, жинденип күйөсүнө айкырат (А):
- Айбан! Эки балаңдын энесин кантип алдадың. Болду ажырашам.

Анда күйөсү (К):
- Мага бир мүнөт берсең баарын түшүндүрүп берем.

А: - Айт. Бирок айта турганың мана акыркы сөзүң болот!

К: - Жумуштан чыгып дүкөнгө бара жатып жүдөгөн кызды көрдүм. Ал ушунчалык алсыз көрүндү. 4 күндөн бери эч нерсе жей элегин айтканда үйгө алып келдим. Сен толуп кетем деп жебей койгон кечээки кесмени жылытып бердим. Ал ушунчалык ачка экен, бат эле жеп койду. Анан мен жуунуп алышын сунуштадым. Кир кийимин алмаштырдым, сен сатып алгандан бери кийбей турган джинсыны бердим. Анан сенин туулган күнүңө берип, сен кийбей жүргөн ич кийимиңди бердим. Эжем жаңы жылга берген, бирок сен күлкүлүү экен деп кийбей койгон блузканы таап бердим. Дагы сен кымбат бутиктен сатып алып, бирок кесиптешимдики да бар экен деп кийбей койгон өтүктү бердим. Ал мага ыраазы болду. Узатып жатсам: "Аялың колдонбогон дагы эмне бар?"-деп сурады.

Аялы бир жумада бешинчи жолу дос кызына жөнөп жатса, күйөсү такси чакырып акырын артынан аңдып жөнөйт. Такси сойкуканага келип токтойт.

Ачууланып таксистке кайрылат: "100$ берем, кирип бул сойкуну сүйрөп чыкчы"-дейт.

Бир канча убакыттан кийин ажылдаган, тебинген аялды сүйрөп келип машынага салат да кыйкырат: "Карма!"

Тиги оозун ачып: "Бул менин аялым эмес!"

"Билем. Бул менин аялым. Азыр сеникин алып келем."

 

Күйөсү костюм шымчан, галстук тагынган, күзгүнүн алдында жасанып турат, саат 23:02...

Аялы кызыгып: -Сен кайда камынып?

Күйөсү камырабай: -Балык уулаганга, Айнаш, балык уулаганга! Эшикти жаап ал.

Аялы унчукпай бөлмөсүнө кирип кетип, 20 мүнөттөн кийин, боенгон, ийини ачык кече көйнтөкчөн сонун жасанып чыга келет.

Оозун ачкан күйөсү: -Айнаш,  түн катып сен каяка?

Аялы да камырабай: -Энемдикине, айылга... картөшкө эккенге!

 
 

Күйөсү биринчи жолу кесиптештери менен банкетке аялын алып келет.

Аялы:
Кызыл көйнөкчөн аял ким?

Күйөсү:
-Шефтин ойношу.

А: - Тиги толук аялчы?

К: - Башкы инженердин ойношу.

А: - Сары гүлдүү көйнөкчөнчү?

К: - Бөлүм башчынын ойношу.

А: - Келбетүү блондинкачы?

Күйөсү кашайып эмне дээрин билбей: - Менин ойношум!-дейт.

Аялы сыймыктана:
- Биздики баарынан мыкты экен!

-Ата, iPhone 5s алып берчи.

-Сыйкырдуу сөзчү?

-Айнаш.

-Эмне?

-Ойношуң.

-Карасынбы же агынбы? Чехолу керекпи?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.