Аялы бар эркек үчүн сиз кимсиз? Аялы барларга азгырылгандарга айта турган 6 ачуу чындык

Кымбаттуу “чоочун” аялдар! Аялы бар эркек үчүн сиз эч ким эмессиз, муну түшүнгүлө.

Никелешкен жары бар эркек балким сизге жалындаган сүйүү  СМСтерин жазып, сүйөм-күйөм деп далбастайт. Анын сизден каалаганы эле бар болгону секс анан өзүнүн эркектик баа-баркын көтөрүп алуу. Аялынын көзүнө чөп салганы менен баары бир сиз ал үчүн «чоочун» аялсыз. Ал башкаларга деле сизге жасаган мамилени жасай берет.

 

1. Көңүл ачкандан кийин аялдын үйүнө кетип калганы ага абдан жагат. Ананчы, ал эч нерсеге милдеттүү эмес. Ага убакытты көңулдүү өткөргөнү гана кызык.

2. Кызыгын көрүп, кызылын соруп дегендей, үй бүлөсү бар эркек башка аялды жөн гана убактылуу пайдаланат. Секстен кийин өзүн өзгөчө сезип, «Мына мен чыныгы эркекмин. Бир эмес эки аялга жетишип жатам» деп боюн көтөрүп калат. «Чоочун» аял үчүн ал жашоосун өзгөрткүсү келбейт.

3. Ал кааласа «чоочун» аялга убактысын деле коротпойт. Эгер эркек чындап сүйсө ал аял менен баарын тең бөлүшүп, бош убагынын баарын бирге өткөрөт. Белек берип кубандырып, көйгөлөрүңүзгө көмөктөшүп, сиз үчүн акча чыгымдап, баарын төлөп да жиберет. Бирок, аялды жөн гана пайдаланып жүргөн «сүйгөнү» бош убагын үйүндө аялынын жанында өткөрүп, аялына, балдарына колунда барын берсе демек, андан сизге пайда деле жок.

 

4. Адатта үй бүлөлүү эркектер баарын өзү үчүн, үй бүлөсү үчүн жасайт. «Чоочун» аял үчүн анын турмушунда орун деле жок, болгону гана секс, кез-кезде көңүл ачууну каалайт. Тыюу салынган нерсеге асылуу  эркектин табияты. Ал сиз менен көңүл ачуу болбостугун сонун билет, бирок, баары бир  ойноп-күлүп, көңүлдөш болуп жүрө берет. Кылаарын кылган соң үйүнө, аялына шашат. Мындай жагдай ага майдай жагат.
 

5. Аялы бар эркектин сөзү кыска болот. Анткени каерде кайсы көңүлдөшүнө кандай сөз айтып, мамиле жасаганын эстеп калуу ал үчүн кыйын, анын үстүнө анын баарын эстеп башын деле оорутпайт, тескерисинче, «ойнош оттой ысык, калып калса боктой сасык болуп, бат эле унутуп салгысы келет. Ал аялдын астында өзүн күнөөлүү сезип жашагысы келбейт. Андыктан «чоочун аял» аялы бар эркек менен чер жазышып сырдашып, сүйлөшүп деле жыргабайт.

6. Аялынын көзүнө чөп салган эркек сизди кол жоолуктай көрүп, оңой эле башкага алмаштырып кете берет. Анын үй бүлөсун бузуп, аялынан биротоло ажыраштырып тынган күндө деле ал баягы ит адатын таштабайт. Тыюу салынган жемиш баарынан таттуу, муну аягы суюктар жакшы билишет.

Андыктан урматуу кыз-келиндер, ысык-суукту бирге көтөрүп, ачуу-таттууну бирге таткан жаныңыздагы жарыңызды баалап, барктай билиңиз. Эр сыйлаган эшикте калбайт дегендей, эркекти сыйлап күтө албасак, аны сылап-сыйпап, баркына жете тургандар четтен табылат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.