Аялдын сексуалдуулугу анын үнүнөн көз каранды

Вена университетинин окумуштуулары жаңы изилдөө жүргүзүп, аялдын жагымдуулугу анын үнүнөн түздөн-түз көз каранды экенин тастыктады.

 

 

Эксперименттин жүрүшүндө, окумуштуулар студент кыздарды сүрөткө тартып жана үндөрүн жаздырышкан. Бардыгы болуп 42 студент катышкан. Кыздардын үнү жазылган аудио жазууларды эркектерге угузуп, алардын ойлорун изилдешкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, эркектер чырайлуу жана жылдыздуу кыздардын үндөрүн тандаган. Доктор Петер Абент түшүндүргөндөй, айымдардын сүйлөө органдары, кекиртеги менен мурун көңдөйү алардын бет түзүлүшү менен түздөн-түз байланышы бар. Эркектер инстинктик түрдө жылдыздуу айымдардын үндөрүн тандашкан.

Эске, киноиндустриядагы эң сексуалдуу үн болгон Роджер коендун сүйгөнү – Джессика келет. Эгер доктор Петер Абенттин изилдөөлөрүнө ишенсек, бул сексапилдүү каармандын үнүнүн ээси сүрөттөгүсүнөн кем калбаш керек.

Изилдөөчүлөрдүн оюнда, адамдын үнүнө баа берүү менен адамдар жарын тандоодогу катачылык коркунучунан арылат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.