Аялдын организминин эркектикинен айырмаланган 20 өзгөчөлүгү

 “Аял менен эркектин кандай айырмачылыгы бар?” – бул суроого жоопту баарыбыз эле билебиз. Анатомиялык өзгөчөлүктөрдү казбай эле коёлу, бирок айта кетүүчү нерсе, экөөнүн, биз көрбөгөн жана билбеген көп айымачалактары бар.

 

 

1. Аялдын жүрөгү эркектикине караганда батырак согот.

2. Аял эркекке караганда эки эсе көп көз ирмейт.

3. Аялдар эркектерге караганда оорураак арыктайт, себеби, алар калорияларды жай коротушат.

4. Аялдын иммунитети эркектикине караганда күчтүүрөк.

5. Аялдын чачынын диаметри эркектикине караганда эки эсе ичке.

6. Аялдар бир эле убакта бир нече иш кала алышат, алардын мээсиндеги байланыштар 30%га көбүрөөк.

7. Аялдын тилинде даам сезүү рецепторлору көбүрөөк.

8. Аялдын сезгенүү процесстерин тосмолоочу эстрогендин айынан, ооруну эркекке караганда жеңил көтөрүшөт.

9. Аялдар өңдү жакшы ажыраттышат, өңдү ажырата билүү Х-хромосома менен түздөн-түз байланышта.

10. Аялдын териси эркекке караганда 10 эсе сезгич.

 

11. Аялдар ийилчээк келишет, себеби, булчуң менен муундарында коллагенге караганда эластин көбүрөөк.

12. Аялдар эркекке караганда жогорку жыштыктагы үндөрдү жакшы ажыратышат.

13. Аялдар уйкуда сергек болушат, уйку убагында аялдын мээсинин активдүүлүгү 10%га гана азаят.

14. Аялдар эркекке караганда таттуунун түрлөрүн жакшы ажырата алышат.

15. Аялдар эркекке караганда мейкиндикте багыт алуусу (ориентир) начар.

 

16. Аялдын сүйлөөсүнө мээнин эки борбору жооп берет, ошондуктан аял күнүнө 8000ге жакын сөздү эркин сүйлөйт, жана 3000дей добуш жана 10 000ге жакын үнсүз сигналдарды колдоно алышат.

17. Аялдарда жыт сезүү органы эркекке караганда жакшы өнүккөн.

18. Аялдардын перифериялык (айлананы бир карап) көрүүсү жакшы өнүккөн. Эркектердики болсо туннелдик (маңдайын гана) көрүүсү өнүккөн.

19. Аялдын моюну эркекке караганда кыймылдуурак.

20. Аялдар орточо эсеп менен жылына 30-64 жолу ыйлашат, эркектер болгону 6-17 жолу.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.