Аялдын логикасы… Өзүмдү таанып, боорум эзилди

Жөнөкөй салат жасап, бүлөмдү сүйүнтөйүн дегем. Салат тооктун этинен. Бышкан тооктун бир аз эти калып калган, баары бир эми аны эч ким жебейт. Салатка ананас керек. Банкадагы ананасты колдондум, ширеси калып калды. Ичким келген жок… Төгөмбү? Болбойт го…

 

 

Бир пирогдун рецептин эстедим, ошого ананастын ширеси керек. Пирог жасадым. Бирок ага эмнегедир жумуртканын сарысы эле керек экен, агы калып калды. Ыргытпайм да?! Муздаткычка салып койсом – кийин баары бир ыргытам.

Таптым! Безе жасап койсом болот. Оңой, бат, даамдуу! Безеге лимондун кабыгын колдондум. Лимон жылаңач калды… Калтырып койсом, бат эле кургап калат. Эми лимонду эмне кылам?

Эстедим, салатка соус кылса болот. Ага жарым пияз кетти. Экинчи жарымы мени карап турат. Аны эмне кылам?

Томат соусу менен спагетти кылса болот. Муздаткычтан өзүм жасаган томат ширесин таптым. Жарымы кетти. Калганычы? Ачып кетет го. Өзүм жайында жапсам. Табигый, консервантсыз, ачылган соң көпкө сакталбайт.

Борщ кылса болот. Бирок үйдө кызылча жок экен. Бат-бат кийинип алып, дүкөнгө жөнөдүм. Кызылча, картошка, быштак, каймак, тиш паста, байпак (арзандатуу болуп атыптыр), тапичке (биякта да акция), самындан бир нечени. Үйгө кайтып баратып банкка кирип, коммуналканы төлөдүм, банктын жанындагы өтүкчүгө кирип туфлини ала кеттим, нан саткан киосктон жаңы булочка алдым, балдарга мектебине бутерброд жасап бергенге жакшы. Баарын көтөрүнүп алып үйгө эптеп жеттим. Борщ даярдадым. Дагы эмне кылганына көңүл деле бурган жокмун. Диванга куладым, бел ооруйт, буттар шалдырайт, колумду сезбей калыптырмын…

 

Жатып алып ойлонуп атам… келесоо эле экемин! Ананас ширесин ичип эле салбай!!!