Аялдын фигурасына карап мүнөзүн айтып беребиз

Аялдын фигурасы анын темпераментине жана мүнөзүнө кандай таасир этери жөнүндө ойлонуп көрдүңүз беле? Фигураңыздын формасын тандап, сүрөт тестибизден өтүңүз, ошондо сиздин мүнөзүңүз жана темпераментиңиз жөнүндө баарын билип аласыз.

Адамзатта төрт темперамент бар: флегматик, холерик, меланхолик жана сангвиник. (Сиз мунун эмне экендигин билбешиңиз мүмкүн, бирок мунун маңызы ушул.)

Тест кыздарга да, аялдарга да ылайыктуу.

 

"Үч бурчтук" формасы

Мындай фигурага ээ аялдар бардыгын тынымсыз көзөмөлдөөгө аракет кылышат. Аларда лидерлик сапаттар бар жана аларды турмуштун бардык тармактарында колдонушат. Булар өзүнө өзү ишенген адамдар, кээде текеберленип кетишет. Алар  бирөөгө кантип иш-аракет кылууну үйрөтмөйүн же кеп кеңешин бермейин тынч жашай алышпайт. Алардын дал ушул жүрүм-турум башкаларга жакпайт.

Тетири үч бурчтук

Фигуранын бул түрү аял түз мүнөзгө ээ деп айтат! Мындай айымдар жөн гана өз позициясын коргоп, өзүн жана натурасын көрсөтүүнү жакшы көрүшөт. Алар муну көбүнчө ырайымсыз чараларды колдонуу менен жасашат! Айрым эркектер мындай айымдардан коркушат. Бирок, бул аялдар абдан чынчыл жана ар дайым чындыкты гана айтышат. Башкалардан дагы ошондой күтүшөт!

Кум саат фигурасы

Сиздин алдыңызда аялзатынын ысык, бирок каардуу өкүлү турат. Кумарлуу жана өкүмчүл айымдар. Бирок, сүйүктүү адамы менен алар ийкемдүү, жумшак жана өтө токтоо болушат. Аялдар коллективинин арстаны жана үйдө сүйкүмдүү мышык. Бул аялдар көп талаш-тартышды жактырышпайт! Бул алар үчүн убакытты текке кетирүү.

Айлана фигурасы

Эгерде аялдын фигурасы ушундай болсо, анда бул биринчи кезекте сиздин алдыңызда өтө активдүү позициядагы адам тургандыгын билдирет. Бул айымдар жаңы адамдар менен жеңил таанышышат жана алар менен баарлашканына кубанычта болушат. Алар, албетте, дайыма оң эмоцияларга муктаж. Бул аялдар жарык жана нурлуу энергияны чачып, айланадагы адамдарды өзүнө тартып турушат.

Тик бурчтук

Мындай кыздар башкалардан айырмаланып турууну таптакыр жактырышпайт, бирок ошол эле учурда аларды боз чычкан деп айтуу кыйын. Алар ар дайым өзүлөрүнөн башкача көрүнгөнгө аракет кылышат! Мындай кыздар чыныгы "стерва" сыяктуу көрүнгөнгө аракет кылышат, бирок чындыгында алар аяр жана уялчаак болушат. Эгерде сиз мындай аялга мамилени тапсаңыз, анда сиз өзүңүз үчүн өзгөчө дүйнөнү ачасыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.