Аялдын денесиндеги маанилүү зоналар

Бул зоналар ачык, ар кандай көзгө жеткиликтүү болгондо (кээде көзү жамандарга), ден соолук көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн.

 

 

 

* Аялдын чачы – анын сексуалдык энергиясы, күчү. Чачылган чач башкаларга абдан күчтүү таасир этет, бирок ошол эле учурда мындай чач аялдын күчүн бир топ жоготот. Эксперимент үчүн: 1 күн чачылган чач менен, экинчиси - байланган чач менен жүрүп көрүңүз. Сүйүктүү адамыңыздын алдында чачыңызды түшүрсөңүз болот, анткени сиздин күчүңүз бүт дүйнөгө эмес, ага багытталышы керек! Сиздин милдетиңиз – эркектин музасы болуу, ал эми сизден шыктанган адам сизге жакшылыкты алып келсин.

* Көздөр аялдын акылын чагылдырат жана көз аркылуу аялдар адамдарга тартылат. Аялдын психикасы ушунчалык ирээттүү болгондуктан, эгер ал кандайдыр бир нерсени 40 секунддан ашык караса, анда ал жөнүндө ойлонуп, каалай баштайт. Андыктан эркектердин алдында көзүңүздү ылдый түшүргөнүңүз оң, өзгөчө турмушка чыккан болсоңуз. Бул күйөөңүз үчүн эмес, сиздин жан дүйнөңүздүн тынчтыгы үчүн.

* Моюндун арткы бөлүгү (омуртканын түбүндө) аялдын денесиндеги эң алсыз жер деп эсептелет! Жабык болушу керек, сиз жөнүндө жаман сөздөрдү айткан адамдарга далыңызды салбаңыз, эзотериктер “аркага каргыш” деп атаган катуу каргышка кабыласыз. Бул чекит абдан энергиялуу болуп саналат, ошондуктан сиз коргоочу тумар же мончок тагынып коргоңуз. Идеалында, эгерде сиздин кооз өрүм чачыңыз ушул зонада жатса, анда өзүңүздүн өрүлгөн чачыңыздан күчтүү энергия коргоочу таба албайсыз.

 

* Ийиндер жана билектер күчтүү сексуалдык энергияны бөлүп чыгарат, ошондуктан көптөгөн салттарда башка эркектерди азгырып албаш үчүн жана алардын энергиясын үнөмдөө үчүн ийинди жаап, колдоруна билерик тагынуу салтка айланган. Кызыгы, көкүрөк энергияны жоготуу зонасы катары эсептелбейт жана акылдын чегинде ачык койнокторду ж.б. кийсе болот. Көкүрөк сексуалдык эмес, энеликтин символу.

* Чурай жана сан - аялдардын репродуктивдүү органдары жайгашкан жер, аны жабык кармоо керек, бул аялдын денесиндеги эң маанилүү аймак, бул жерде анын аялдык маңызынын гүлү - жатын жайгашкан!!! Сиз кийген жамбашка жабышкан джинсы сиздин жатын үчүн жай өлтүргүч болуп саналат. Ар бир адам ошол жакка карай берсе, аял да ооруп калышы мүмкүн, айызы оор келип, репродуктивдүү органдарында көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Анын үстүнө бул зонаны башка аялдардын карашы эркектердикине караганда алда канча коркунучтуу. Төрөт мүмкүнчүлүгүңүзгө кам көрүңүз!

* Кызыл ашыктан тизеге чейин тукумдун генетикасына жооптуу чекиттер жайгашкан. Көптөгөн эркектер аялдын буттарын жактырары бекеринен эмес. Бул анын үй-бүлөсүнүн жана келечек муундардын энергиясын топтойт. Ачасызбы же жокпу, өзүңүз чечиңиз, бирок эксперимент үчүн кыска юбка менен узун юбкадагы сезимдерди жана эмнеде кандай сезимде болооруңузду салыштырыңыз.

Сөзсүз эле монахтардай кийиниш керекпи дейсизби? Андай эмес. Көптөгөн аялдар ушул негизги пункттарды кармануу менен эле сонун көрүнөт, алар кумарлануу жана шаан-шөкөттүү сексуалдык эмес, назиктиктин, сүйкүмдүүлүктүн энергиясын чыгарышат.

P.S. Бул сиздин сүйүктүү адамыңызга тиешелүү эмес экенин унутпаңыз, аны менен сиз сексуалдуу кийим кийип, чачыңызды жайып, көзүнө сүйкүмдүү карасаңыз болот...