Аялдын бардык көйгөйү ушул жакта жатат! Психологдун ойлору

Өз каталыгыңды моюнга алыш кандай оор экенин баарыбыз эле билебиз. Туура эмес кылсак да, тултуңдап, жинденип жана көк беттенгенди токтотпойбуз. Жыйынтыгында, ичибизге чогулган негатив менен аргрессиянын таасири өзүбүздүн эле жакындарыбызга залакасы тиет. Кичине акылдуурак болгондо мындай каталыктарды кетирбейт элек.

Эркектин баары эле бирдей жаман деп сен курдаштарыңан көп эле уккансың. Бул факт. Тигини кылбайт, муну укпайт, же башкаларды карайт. Айла жоктон ойлоносуң: балким меники да ошондой болуп жүрбөсүн? Болгону, өзүңдүн ички көйгөйлөрүңө кошулуп турган курдаштарыңдын өзүнө тиешелүү көйгөйлөрүн ойлонбой кой. Жана бардык нерсеге эркектерди күнөөлөгөндү токтот.

 

 

Аялдын бактысы

Эгер аял эркектин терс жактарын гана көрүп турса, демек ал өз позициясын кайра карап чыгыш керек – дейт психолог Михаил Лабковский. Биз, үй-бүлөгө, мамилеге жана жеке жашоого ылайыкталган жети кеңешти топтодук.

Бакубаттуулук өзүңдө катылуу

Кээ бир, алыстан эле бактылуу экени көрүнгөн адамдар бар. Аларда баары жакшы – жашоосу туруктуу, сүйүктүү күйөөсү, сүйгөн жумушу. Ич күйдүлүк кылыш керекпи? Жок, үйрөн! Болгон иш кабыл алуу менен эмоционалдык абалда. Өзүңдү кичинекей нерсе болсо дагы канааттанганга жана сүйүнгөнгө үйрөт – көрөсүң, айланаң кандай өзгөргөнүн.

Аялдарга бир эле нерсе керек

Көпчүлүктүн оюна карабастан, эркекке секс кандай керек болсо, аялга да ошондой эле керек. Болгону, аялдарда секс мээримдүүлүк менен эркелетүүгө тыгыз байланышкан. Эркекке көнгөндөй баш тарткандан көрө (себеби, анын жаныбардан айырмасы жок), демилгени өз колуңа алып көр. Эмне жагаарын, эмне каалаарыңды түшүндүр. Балким, бири-бириңди таң калтырасың!

Себеби он кызга, статистика боюнча...

Статистика менен коргонууга болбойт. Гендердик сандардын ортосундагы айырмачылыктар эчак эле калыпка келип, теңделген. Анда эмнеге кээ бир аялдар турмушка бир нече жолу чыга алса, кээ бирлери өнөктөш таба албайт? Иштин баары психикада! Келбетте да эмес, сулуулукта да эмес, мүнөздө да эмес. Толук бактылуу жашаганга мүмкүнчүлүк бар, болгону аны каалаш керек.

Голландиянын эркектери жакшы

Биздин эркектер психлолгиялык жактан жалкоо келишет. Эгер европанын аялдарын багындыруу үчүн, өз жетишкендиктерин тастыкташ керек болсо, бизде, эмне сунуштаса, ошого макул болобуз. Ошол себептен, азыр энесинин этегинен чыкпаган эркектердин доору болуп жатат. Аларды жолугушууга чакырып, уктаганга жаткызып, анан өмүрдүн аягына чейин байпагын жуушка туура келет.

Эч кандай норма жок

Эгер сага жалгыздык норма болсо, анда башыңды оорутпай эле кой. Жалгыздык коркунучу 80 жашка чыгып калганда келиши керек. Себеби, өлүм алдындагы жалгыздык – эң коркунучтуу. Сен жашсың жана күчтүүсүң, ошондуктан, жалгыздыкты табигый абал деп эсептей бер жана түйгөйүңдүн жоктугунан тартынганды токтот!

Бакыт туруктуу психикада

Гармония компромиссте деген – бул миф. Эпке келүүчүлүк сага да, күйөөңө да бакыт алып келбейт. Үй-бүлөдө комфорттуу жана жакшы атмосфера, экөөң тең бардык нерсеге канааттанган абалда болгондо келет. Жумушуң, балдарың, эшиктеги аба-ырайы – деги эмнеге гана болбосун! Туура, жакшы мамилени, өзүн жана бири-бирин сүйгөн жубайлар түзө алат.

Мамилени курбайт

Жумуштан келдиңби – эс ал. Үй-бүлө экинчи жумушуң эмес, ал төлөнбөйт. Мамиленин үстүнөн иштеп кереги жок, себеби, ал, же бар, же жок. Жалгыз шарт: сен өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл ал. Өнөгүңдү дагы. Өзгөртүп, оңдоп, кайра тарбиялап кереги жок. Эгер жакпаса, башкасын табышка туура келет.

Эми, жыйынтык чыгаралы. Үй-бүлөдөгү гармониянын сыры жөнөкөй. Ал сенде катылган. Сен өзүңө оң эмоцияларды кандай тартсан, терстерин да ошондой эле тартасың. Баарынан жакшы нерсени көргөнгө аракет кыл, ошондо гана, сенин бул чечимиң жашооңду кандай өзгөрткөнүң көрүп, таң каласың.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.