Аялдык энергиянын деңгээлин текшерүүчү тест

Төмөнкү суроолорго "ооба" же "жок" деп жооп бериңиз.

Аялдык энергияңыздын деңгээлин, канчалык толгонун текшериңиз.

Эч кандай туура же туура эмес жооп жок экенин унутпаңыз, бул тест өзүңдү таанып билүүнүн куралдарынын бири гана.

 

1. Жашоонун "таттуулугун" сезесизби? Бул даамдуу тамактануу сезими, же жагымдуу сүйлөшүүдөн кийинки "таттуу даам" же жакшы секс болушу мүмкүн - бул сезимдин кайсы себептен келип чыкканы маанилуу эмес.

2. Массаж болобу, маникюр болобу же чач тарачка баруу болобу, өзүңүзгө жагымдуу нерсеге уруксат бересизби?

3. Эркектер менен атаандаштыкты сезбейсизби? Сиз аларга бир нерсени далилдегиңиз келеби (мисалы, сиз алардан акылдуураак экениңизди) же өзүңүздүн артыкчылыгыңызды көрсөтүүнү каалайсызбы?

4. Сиз көп убакытты таза абада өткөрөсүзбү?

5. Өзүңүзгө "жеңил-желпи" болууга уруксат бересизби? Эч нерсе кылбай, чалкалап жатууга мүмкүнчүлүгүз барбы?

6. Өз колуңуз менен бир нерсе жасаганды (тамак, сайма, сүрөт ж.б.) жактырасызбы?

7. Жакындарыңызга (жаныбарларга, гүлдөргө ж.б.) кам көргөндү жактырасызбы?

8. Сиз үчүн эркектен жардам суроо оңойбу?

9. Балдар менен ойногонду жакшы көрөсүзбү?

10. Сизге энергия берген жакшы көргөн ишиңиз барбы?

Ар бир "ооба" үчүн 10 упай, "жок" үчүн 0 упай эсептелет.

0 - 40 упай

Сизде аялдык энергиянын деңгээли төмөн. Негизи сиз эркектик энергияңызды колдонууга көнүп калгансыз, жардам сурагандан көрө баарын өзүңүз жасаганды туура көрөсүз. Сиз эркектер менен катуу атаандашасыз жана аларга караганда өзүңүздүн мыкты экениңизди далилдегиңиз келет. Аял 30 жашка чейин эркектик энергиясын оңой эле пайдалана алат, бирок муну менен ал өзүн аял катары энергиядан ажыратат. Эркектик энергиясын гана колдонууга көнүп калган аял 30-35 жаштан күчтөн кайтып, иштегиси келбей, депрессияга кабылышы мүмкүн.

50-70 упай

Сизде аялдык энергиянын орточо деңгээли бар. Сиз аялдык жана эркектик энергияны колдоносуз. Сиз өз каалооңузду иш-аракет аркылуу да, ниетиңизди калыптандыруу аркылуу да ишке ашырасыз (айланаңыздагы бардык нерсе сиз каалагандай калыптана баштаганда). Сиз өзүңүзгө алсыз да, күчтүү да болууга уруксат бере аласыз. Жонглёр катары сиз аялдык да, эркектик да энергияңызды чебер колдоносуз. Эң негизгиси, сиз тез натыйжаларды алып келе турган максатка (иш-аракеттерге) жетүүнүн эркектик жолдоруна алданып калбаңыз, ал тескерисинче, сизден аялдык энергияңызды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып салат.

80-100 упай

Сизде аялдык энергиянын деңгээли жогору. Сизди чыныгы айым деп айтышат. Силер үчүн эркектер менен эч кандай атаандаштык жок, анткени сиз үчүн эркектер “башка түр”. Сиз өзүңүздүн артыкчылыктарыңызды ачык билесиз жана аларды кантип колдонууну билесиз. Сизге жардам суроо оңой, бирок сиз башкаларга кам көргөндү жакшы көрөсүз. Сиз өз колуңуз менен бир нерсе жасаганды жакшы көрөсүз. Сиз үчүн каалооңузду тез арада ишке ашырууга жардам берчү адамдар, каражаттар, мүмкүнчүлүктөр "өзүнө-өзү" эле пайда болуп турат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.