Аялдардын бул каталыгын эркектер өмүрү кечирбейт

Камкор, ак пейил аялды эркек атпайдын баары аял деген ушундай болсун деп тамшанышат эмеспи. Бирок айрым айымдар тура эмес кылык-жоругу, ой жүгүртүүсү менен менен бузулгус чепти бузуп, эркектер эч убакта кечире албай турган кадамдарга барышат. Мындай кадамдардын 7сүн аныктадык:

 

 

 

 

1. Алганга март, бергенге сараң

Мактоо сөздү, белек-бекчекти, сүйүүнү ким эле жаман көрсүн. Бирок бул нерселерди алган соң аны кайтара билген да жакшы.

Бир нерсе алдыңбы мейли ал камкордук, сүйүү, сыйлоо болсун, анын кайтарымы болууга тийиш. Жашоонун мыйзамы ушундай. Аялдар да бул жагынан жигердүү болуп, күйөөнү мактап, анын кылган ишине ыраазы болуп турушу шарт.

Ичиңизден тынып унчукпай койгон туура эмес, жарпыңыз жазылып мактап турсаңыз эркек үчүн бул чоң энергия берет. Сиздин ага болгон сүйүүңүздү жана сый-урматыңызды, аны баалап тураарыңызды ал билүүгө тийиш.

Демек ортодогу мамиледе баланс сакталышы керек. Сиз эркектен сүйүү, камкордукту алсаңыз так эле ошондой сүйүүнү, сый-урматты ага берип турушуңуз зарыл.

2. Кызганыч менен кылычтагандар

Кызганыч аттуу оору- аялзатынын баарына эле тааныш. Бардык нерсенин чен өлчөмү болгон сыңары кызганыч да өз өлчөмүндө болгону туура, ал тургай пайдалуу. Бирок чегинен өтүп кызгана берүү бул жек көрүмчү адат. Кызганчаактардан эркектер акыры ажырашып тынышат.

 

Аялдар бир нерсени туура түшүнүшү керек сиздин жигитиңиздин же жолдошуңуздун турмушу сиздин чөйрөңүз менен эле чектелбейт. Андыктан анын башка аялдар менен чогуу иштегенин, мамиле түзгөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эсептеп койсоңуз болот. Бош учурунда достору менен эс алууга укуктуу, андыктан аны мындай учурда жайына коюу керек. Кызганып уруш-чатак чыгара берсеңиз ал биротоло кетип калышы мүмкүн. Мамиледе ишеним эң башкы орунда турушу керек. Чөнтөгүн аңтарып, телефонун текшерип, кайда жүргөнүн аңдый берсеңиз ортодогу чоң сүйүүгө дагы жарака кетет. Кызганчаак аялдар жалгыз калышат.

 
3. Кылдан кыйкым табуу

Кылдан кыйкым таап, ар бир сөзгө анализ жасап, баарын жүрөккө жакын ала берген аялзаты өзүнө да ортодогу мамилеге да залал келтирет. Кай бир айымдардын ой чабыты ушундай күчтүү өнүккөн болбогон окуяларды элестетип аны чындыктай кабыл алышат. Ал кечигип жатса эле башка аялдар менен жолугуп жүрөт деген жоромол туура эмес. Ар кандай кырдаалдар жаралышы мүмкүн, мунун баары туура түшүнүү кажет.

 
4. Талапчыл айымдар

Айрым айымдар катуу талаптарды коюп, өмүрлүк жары ошол талаптарга жооп берген адам болушун каалашат. Мындай тигиндей сапатка ээ болушу керек деп тизме түзүп алышат. Бирок төгөрөгү төп келишкен адам таппай, кырдаал кыйындайт. Жашоодо адамдар кандай болсо ошондой кабыл алып, жигиттин дагы кемчилигин кечирип, атыкчылыгын баалай билиш кажет.

 
5. Эркектин көгү эр болсо аялдын көгү жер болот...

Дайыма меники туура деген айымдар дагы акыр түбү жалгыз калышат. Же мындайлардын айтканы менен болуп, жетегинде жүргөн күйөө да табылышы мүмкүн. Өз айтканынан кайтпаган кежир кыздар жакшы жигиттерден кол жууп калышат. Аялзаты ийкемдүү болуп, кырдаалды байкап кээде тилин тиштеп, айрым учурда өз оюнда бекем турганды билиши зарыл.

.

6. Оюмду окусун дебеңиз

Кай бир айымдар жигиттер менин оюмду окуп турса деген мааниде аларга таарына беришет. Бирок, эркектер табияты андай эмес. Миңден бири гана аялзатынын ички оюн туюнбаса баары эле аны сезе беришпейт. Андыктан ой пикириңизди түз, ачык айтышыңыз керек.

 
7. ...Мен күнөөлүү эмесмин

Эгер ортодо түшүнбөстүктөр жаралып, мамиле бузулса демек эрди-катын экөө тең күнөөлүү. Албетте мындай учурда ар ким өзүнүкүн туура эсептейт. Бул позиция акыры ажырашууга алып келет. Эки тарапта тең кемчиликтер болот. Мындай кезде эң жакшысы каталыкты моюнга алып, аны оңдоого аракет жасоо менен гана мамилени сактап калууга болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.