Аялдар коллективинде иштеген бойдок эркектин күндөлүгү

Жумуштун биринчи жумасы.

Ай жыргал! Ийгиликтүү жай тааптырмын - бөлмөдө 8 аял, каалагандай! Аялдар менен иштеген кандай жакшы - таза, жайлуу, гүлдөр-кактустар! Түшкү тамакта үйүнөн алып келишкен тамактарынан бөлүшүшөт. Оңго карасаң - бирөөнүн жамбашы, солго карасаң - бирөөнүн буттары, жаныңда ушундай бир көкүрөк отурат! Баары тынч отурушуп бир нерсе кылып атышат, жумуш моменттерин шыбырашып талкуулашат, эч ким сөгүнбөйт, эч ким катуу каткырбайт.

Көздөрү менен аткылашат, чулкалары жалтырашат: Кыскасы, жигиттер, бейишке түшүптүрмүн!

 

 

 

Жумушта бир ай.

Чоң көкүрөк турмушка чыккан, бөлмөдөгү эң сулуу буттар - эркектерге кызыкпайт. Негизинен баары жакшы. Уч багытта иштеп атам - терезенин жанындагы жесир келин, эшиктин алдындагы стажер кыз, чоң көкүрөктү да унуткан жокмун. Кечээ уяттуу анегдот айтып койсом баары кызарып кетишти, бирок күлүштү - нормалдуу эле аялдар.Сырдашканды жакшы көрүшөт - бирөөсүнүн компьютеринин жанына чогулуп алышып шыбырашат, жакын барсам тарап кетишет.

Кызыктай эле жандар!..

 

Жумушта үч ай.

Чоң көкүрөк жумуштан кетип калды, стажер менен эч нерсе болчудай эмес, жесир аял башка объектке бурулуп кетти. Аялдардын баарын күлкүлүү сайттарга отургуздум, кире беришке плакат илип койдум - "Бийлик - элдики!" Мени ачка калтырышпайт, жашырын боёнушуп жана шыбырашпай калышты - прокладкаларын угуза эле талкуулашат: айланайын, деги алардын дагы канча эмнеси бар! Азыр мастер класс өтүп атам - "Аялдын оргазмы чайнектер үчүн!" - маалыматты биринчи булактан алуудамын: жасалманы чыныгыдан айырмалашты үйрөндүм. Эх, жолум болуп калса, практикага да жетиши мүмкүнбү? Чайга бир нерсе апкелгенге чуркайм, оор папкаларды мен көтөрөм, столдорду жылдырам.

Чыдагыдай эле, бирок, дагы бир эркек болгондо - көңүлдүү болот беле...

 

Жумушта жарым жыл.

Эми мен баарын билем. Камсыздандыруу боюнча гинеколог - эркек, Леонид Аркадьич, күнүмдүк прокладка - зыяндуу, кош бойлуу кезиңде бат-бат заара кылгың келе берет, тампонду ар бир 4 саатта алмаштырыш керек, лифчик менен труса бир өңдө болуш керек, кол менен буттун лагы дагы. Лореал менен Буржуа - жакшы, Гарнье - болбогон нерсе, эркектин баары эшектер (далилдөөлөр менен толукталган), Джорж Клуни - мыкты эркек, Байкуш Настья - ийгиликсиз аял эмес, сериал. Аялдар бат-баттан урушуп турушат, бирок аягында баары мага тиет - скандалдын биринчи белгиси болсо эле чычкандай үнүмдү чыгарбай, клавиатурага жабышып калам.

Алар менен кандай оор, жок дегенде жумушка дагы бир эркекти алышса болот эле!

 

Жумушта жети ай.

ПМС менен 8-марттын айкалуушусунан коркунучтуу эмне болушу мүмкүн? ПМС бөлмөдөгү 8 аялда бирдей 8-мартта келди. Мен үн катпайм. Мен жокмун, бул иллюзия. Башкысы кыймылдабаш керек - антпесең чокуңа бир нерсе тийиши мүмкүн: Торт алып келип куттуктадым, көрсө баары диетага отуруп алышыптыр.

Өлдүм жигиттер, мен тозокко түшүптүрмүн!

 

Жумушта бир жыл.

Кечээ мени бөлүмдүн начальниги кылып дайындашты. Бүгүн күттүрбөй жаңы көкүрөк менен узун бутту жумушка алдым, бардык кактустарды ыргыттырдым. Кайрадан эле курсагымды тойгузуп атышат, үн катышпайт, жылмайышат. Көкүрөктү жаныма жакын отургуздум.

Кандай болгон күндө да, аялдардын коллективинде иштеш - керемет экен, жигиттер!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.