Аял шакекти 13$ га сатып алган! 30 жылдан кийин анын сыры ачылды!

Бриллиант сатып алып жатканда 4 нерсеге көңүл буруш керек: тазалыгына, салмагына, өңүнө жана огранкасына.

Эгер тандоону кылдат кылып, бул нерселерге көңүл бурсаң, ал таш өзүнүн ачыктыгы, кооздугу жана сапаты менен көптөгөн жыл ээсин кубандырып турат. Бирок көңүл бура турган дагы бир нерсе бар. Аны көбү көңүлгө албайт, бирок маанилүүлүгү жагынан, тигилерден калышпайт.

 

Лондондо бир аял 13 долларга шакек сатып алат. Ал акчаны өтүк сатып жүрүп чогулткан. Аны эстеген ал минтип айтат: “Өтүк сатып чогулткан 13 доллардан ушундай чоң киреше көрөм деп эч качан ойлогон эмесмин”.

1980-жылы West Middlesex Hospitalда шоппинг кылып жүрүп, бул аялдын көзү бижутерияга түшөт. Бирок бул шакек канчалык эски көрүнсө да, аны сатып алат.

Ага абдан жагып калгандыктан, аны бардык жерде чечпей, тагынып жүргөн.

Жакында, аял анын азыркы баасы канча экенине кызып, жакынкы ювелирге алып барат. Ювелир баасын айтканда, уккан кулагына ишене албай туруп калат.

Шакек 26 карат бриллианты менен жасалма эмес болуп чыгып, анын баасы 456 000 долларды түзгөн. 30 жылдан бери бул аял колуна жарым миллион долларды кармап жүргөн экен.

Бул алмаз 19-кылымда, жаздык түрүндө жасалган экен. Ал убактан бери шакеги эскирип, ал эми алмазды жүз жылдык кир басып калып, аны эч ким накта алмаз деп ойлогон эмес.

2017-жылдын 7-июнунда шакекти 13 долларга сатып алган аял, Sotheby’s Fine Jewels аукционунда 854 000 долларга саткан.

Кийинки жолу эски зер буюмдан арылгыңыз келип турса, эмнени жок кылып жатканды ойлонуңуз. Кебетеси арзан көрүнгөн буюм чыныда эле аябай кымбат болушу мүмкүн.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.