Аял - периште, анда эркек ким?

Илгери бир кадимкимдей эле эрди-катын болуптур. Аялы Айнаш, күйөсүнүн аты Ташмат деп коёлу. Күйөсү жумуштан келип телевизордун алдындагы креслого отуруп, гезит окуйт. Анын аялы Айнаш тамак даярдайт. Күйөсүнө тамагын берип, үй жумуштарына каралашпаганына, акча аз тапканына наалып баштайт. Ташмат аялынын наалыганына кыжырланат. Бирок, сөгүнбөй урушпай, ичинен эле: "Өзүңдү карап алчы, жүдөгөн, мага үйрөтпөй. Жаңы үйлөнгөндө такыр башкача сулуу, мээримдүү элең" - деп ойлойт. 

 

 

 

Бир жолу күңкүлдөгөн аялы таштандыны төгүп келгенге мажбур кылат, телевизордун алдынан зорго туруп жөнөйт. Кайра кайтып келе жатып, эшиктин алдынан токтоп, кудайга жалынат: Оо Кудай, Кудай. Жашоом жаман жагына өзгөрүп кетти. Эми жашоомдун аягына чейин ушул ажылдаган аял менен жашаймынбы? Бул жашоо эмес эле тозок го?

 

Ташмат жогорудан үн угат:

- Сенин кайгыңа жардам бере алат элем, аялыңдын ордуна жомоктогудай периште берет элем, бирок  кошуналарың түшүнбөй калышат го. Андан көрө мындай кылалы: сенин аялыңды акырындан өзгөртөйүн, башында периштени ички дүйнөсүн киргизем, кебетесин да өзгөртөм. Бирок, периште менен жашагың келсе, өзүң да, жашооң да ошого татыктуу болушу керек. 

Ташмат сүйүнүп кетет:

- Периште менен жашаш үчүн ар бир эркек өзгөргөнгө даяр. Бирок, айтсаң, качан өзгөртүп баштайсың?

- Азыр эле кичине өзгөртөм, анан улам жакшы жагына өзгөртүп турам. 

 

 

Ташмат үйүнө кирип, көнгөн креслосуна отуруп, телевизорду күйгүзүп, газетасын ачат. Бирок окуй албайт, телевизор көрбөйт. Аялынын эмнеси өзгөргөнүн көргүсү келет.

Туруп барып ашкананын эшигин ачып, кашекке жөлөнүп аялын карап туруп калат. Аялы алдын карап кечки тамактан кийинки идиш аякты жууп жаткан эле. Бирөөнүн карап турганын сезип артына бурулат. Көздөрү чагылышат. 

 

 

Ташмат: "Аялымда эч нерсе өзгөрбөй эле турат" - деп ойлойт. Аялы күйөсүнүн башкача карап турганын көрүп, бети кызара түшөт, чачын түздөп: - Ташмат, эмне анча карап турасың? - деп сурайт.

Ташмат эмне дээрин билбей калдаңдап: - Сага идиш жуушсамбы дегем... - дейт.

- Идиш жууп? Мага жардам бериппи? - таң калган аялы алжапкычын чечип жатып сурайт, - мен жууп бүттүм. "Карасаң, көз көрүнө өзгөргөнүн, жакшынакай болуп калыптыр" - деп ойлойт Ташмат, идиш аякты сүтүп ордуна коет.

 

 

Эртеси жумушунан чыгып дагы кандай өзгөрүү болгонун көрүш үчүн шашып эртелеп үйүн көздөй жөнөйт. "Балким бүгүн периштеге көбүрөөк окшошту, а мен өзгөрө элекмин. Гүл алып алайынчы. Периштенин алдында уят болбой" - деп ойлоду Ташмат. 

Үйдүн эшигин ачкан Ташмат эмне дээрин билбей калды: алдында бир жыл мурун алган жакшынакай көйнөгүн кийип Айнаш турган эле. Чачы ирээтке келтирилген. Ыңгайсыздана Айнаштан көзүн албай колундагы гүлүн сунду.

Гүлдү алып уялыңкы жер караса бети нурдана түштү. "Периштенин кирпиктери кандай сонун. Мүнөзү да жумшак. Ички дүйнөсү да, келбети да сулуу" деп ойлогонго жетишти.

 

 

Столдун үстүн көрүп, акырын онтоп да жиберди: катып койгон сервис менен дасторкон жайылган, шам да турат, тамактын жыты.

Ташмат столго барып отура кетти, маңдайына Айнаш келип отуруп, чочугансып кайра тура калып телевизорду күйгүздү:

- Кечирип койчу, күйгүзгөндү унутуп калыптырмын, мына гезиттин жаңы санын да алып койгом. 

- Телевизордун кереги жок, гезитте деле окуй турган эч нерсе жок, кайталанган эле жаңылыктар - деп чын дилинен жооп берди Ташмат, - андан көрө эртеңки дем алыш күндү кандай өткөргүң келди ошону айтчы? 

 

Оозу ачылган Айнаш:

- А сенчи?- деп сураганга араң жарады.

- Театрга эки билет алып койдум эле. Күндүз дүкөн кыдырсак кандай дейсиң, театрга барганга жаңы көйнөк алалы.

 

 

Кыргызчага которгон жана адаптация кылган anan.kg

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.