Аял өзүнө кол салган каракчы бандитти 3 күн кордоп зордуктады... Окуянын жыйынтыгы таң калыштуу

Россиянын Калуга облусунун полициясы укмуштай финалы бар карактоону иликтеп жатышат. Курмандыгы кылмышкерди көтөрүп чаап, аны 3 күн катары менен с@кс-кулуна айлантып алган. Эми зордукчу да, каракчы да түрмөгө түшүү коркунучу алдында турат.

 

 

 

Катары менен болгон өзгөчө кылмыштар Россиянын Калуга облусунун Мещовска шаарчасында жайгашкан чачтарачтардын биринде болгон, деп жергиликтүү полицияга таянуу менен Life.Ru билдирет. Башында каракчы сулуулук салонун карактаганга аракет кылган, бирок салондун кызматкерлеринин бири өч алуу максатында үч күнгө аны барымтага алып алган жана ушул убакытта катуу кордоп зордуктаган.

Башынан көп нерсе өткөн полиция кызматкерлери да бул окуя тууралуу көп нерсе айта алышпай турушат. "Эмне болоорун билбейм, - полиция кызматкери күлүп жооп берди. - Бирок экөө тең түрмөгө отурушу мүмкүн. Бири каракчылык үчүн, экинчиси зордуктоо жана сабаганы үчүн".

 

Полиция бөлүмүндө тамашалап да атышат: "Тилекке каршы камерада жолугушпайт да - болбогондо жакшы түгөй болушмак".

Кылмыш ишинин эки катышуучусу тең бөлүмгө биринин артынан бири келген. Биринчи 32 жашар Виктор Я. өз кордоочусунун үстүнөн зордуктады деп күнөөлөп арыз жазган. Жооп катары 28 жашар сулуулук салондун ээси Ольга тоноду деп арыз жазган.

 

Бул драматикалык окуя 14-мартта болгон. Анча чоң эмес салон үчун кадимкидей эле күн эле. Саат бештерге жакын чарчаган кыздар үйлөрүнө кетүүнү эңсеп турушкан. Так ошол маалда каракчы колуна тапанча кармап кирип келип, "Бардык акчаны бергиле", - деп кыйкырган.

Ошол кезде салондо эки кызматкер жана эки кардар болгон. Баары ордунан жылбай сестейип калышкан. "Ме, ал", - деп жооп берген салондун ээси чөнтөгүндөгү бардык акчасын чыгарган.

Каракчы олжосуна жакын келгенде, көкүрөгүнө муштум жеген. Көрсө салондун ээси таэквондо боюнча сары курдун ээси экен да. Бандитти ары-бери бүктөй салып, фендин зымы менен колдорун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып салган да, караңгы бөлмөгө камап койгон.

"Иштей бергиле, азыр полиция келет", - деген кыз ишин уланта берген.

Чынында, ал эч кандай полиция чакыргысы келген эмес. Анын ордуна, Виктордун айтканы боюнча, кордоого алган. Жумуш бүткөндөн бир сааттан кийин, саат жетиде кыз бөлмөгө келип мындай деген: "Чечин! Мен сени менен каалаганымды кылам, же азыр полицияга жөнөйсүң!"

 

3 күндөн кийин гана, лимондой сыгылган Викторду эркиндикке коё берген. "Жогол, экинчи сени көрбөйүн!", - деп кууп чыккан.

Байкуш каракчы биринчи ооруканага кайрылган, андан кийин полицияга барган.

Кийинки күнү суракта Ольга оперлерге болгонун болгондой айтып берген. "Эшек десе! - деп жинденген. - Болгон бир-эки жолу. Мен ага шым сатып бердим, ачка калтырган жокмун, кетип атканда колуна миң рубль карматтым. Мейли, анда ал да мыйзам алдында жооп берсин!"

Виктор, кордоочусу курорттогудай кармаганын мойнуна алды. Кийимдерин да жууп бериптир. Бирок, мыйзам алдында бул ньюанстары маанилүү эмес - эки фигурант тең соттолушу мүмкүн.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.