Австралиялык студент өзү байкабастан акча топтоонун жолун тааптыр

Австралиялык студент, акча топтоонун жөнөкөй, бирок өтө эффективдүү жолун тааптыр. Бир жыл аралыгында номиналы 5 автралиялык доллар болгон купюраны копилкага салып турган.

 

 

Жаңы жыл алдында, канча чогулта алганын текшерип көрүүнү чечкен. Көрсө ал жигит 104 купюра салыптыр, же, башкача айтканда, 520 австралиялык долларын. Бүгүнкү курс боюнча ал 407 америка доллары болот.

Бул ыкманын негизги пайдасы, студент кереги жок майда-чүйдө нерсеге акча коротпой калгандыгында, мисалы чашка кофеге же көчөдөн тамактанууга.

 

Өз атыман айта кетсем, мен болгону бир жумада, ушундай ыкма менен 100 сомдуктарды салып атып, 900 сом чогултуп коюптурмун. Мен ал акчаны кереги жок нерселерге коротуп коймокмун.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.