Атеистер бул 13 мамлекетке барбай эле койгону туура

Социалдык изилдөөлөр боюнча жер жүзүнүн 13 пайыз калкы атеисттер, 24 пайызы динсиз болуп эсептелет. Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата «The Freethought Report 2013» Эркин ойлуулук рапорту жарык көргөн. Мында 13 өлкөдө атеизм, кайтуучулук, кудайды мазактоо өлүм жазасы менен жазаланаары жазылган. Бул макалалан кайсы 13 өлкөгө атеистер барбай эле койгону жакшы экенин билсеңер болот.

 

 

1. Мальдив аралдары

Бул мусульман өлкөсү, конституциясы бир эле ислам динин тааныйт, дин жана көз караш эркиндигине тыюу салат. Өлкөнүн ар бир жараны мусулман болууга тийиш. Дин боюнча бөлгөндү конституция тыюу салбайт. Ишенимден четтөөчүлүк же дин өзгөртүү өлүм жазасына алып келет, ал эми кудайды мазактоо үчүн түрмөгө камалат. Өлүм жазасы акыркы жолу 1953-жылы болгон.

Билип алчу нерсе мамлекетке башка диндин атрибуттарын алып кирүүгө тыюу салынган, чек арадан алып койгонго толук укуктары бар.

2. Сауд Аравиясы

Сауд Аравияда дин жана көз караш эркиндиги жок. Кудайды мазактоо жана ишенимден четтөө үчүн өлүм жазасы каралган. Дин полициясы-mutawwa - шарият закондорунун аткарылышын каттуу көзөмөлгө алып турат. Камоого алуу үчүн адепсиз көрүнгөн кийим, ичимдик ичүү, коомдук жайда же машинанын ичинде тууган болбогон эркек менен аялдын чогу болуусу себеп боло алат. Бул кылмыш порка деп аталат. Полиция өзгөчө атеистерге жана башка диндегилерге чыдабайт. Ислам дининен башка диндин символдоруна, диндик ырым жырымдарына тыюу салынган. Мусулман эместер мечитке кирүүгө болбойт.

3. Афганистан

Афганистандын мамлекеттик дини-ислам. Конституция Куран китебинин негизинде жазылган. Бул өлкөдө закон дин жана көз караш эркиндигин чектейт, каттуу көзөмөлдөнөт. Шарият боюнча ишенимден четтөөчулук, кудайды мазактоо үчүн асып өлтүрүшөт. Мусулман эместер калктын 1 пайызын түзөт, ар дайым куугунтукта. Ислам дининен башка диндин кыймыл аракеттерине тыюу салынган. Наркотик, ичимдик, чочконун этин алып жүргөн, сактаган, колдонгон үчүн узак убакытка түрмөгө камалат.

4. Сомали

Сомалиде динге ишенүү эркиндиги жок, шарият закондору менен жашашат. 2012-жылы кээ бир эркиндикти берген убактылуу конституция кабыл алынган. Бирок, кагаз түрүндо эле болбосо, иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн эмес, ислам жалгыз дин боюнча калган.

Ислам динине каршы чыгуу, кудайды мазактоо, ишенимден четтөө, дин эркиндигине чакырыктар үчүн өлүм жазасы каралган.

Билип алуу керек: Сомали дүйнөдөгү эң коркунучтуу мамлекет. Көпчүлүк мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын Сомалиге барбоосун сунуштайт.

5. Иран

Иран Ислам мамлекетинде дин эркиндиги жок. Сөз эркиндигине жана чогулуштарга тыюу салынган. Ошондуктан ишенимден четтөөгө, дин өзгөртүүгө, кудайды мазактоого өлүм жазасы каралган. Орнотулган тартип боюнча чечим кечиктирилбестен аткарылат.

6. Пакистан

Пакистанда конституция жана башка закондору дин эркиндигине чектөө койгон жана каттуу көзөмөлгө алынган. Кудайды мазактоо боюнча закон майда-чүйдөсүнө чейин так жазылган. Исламга каршы аракеттер өлүм жазасына алып келет. Көбүнчө жалган жалаа менен деле өкүм чыгат, актанганга мүмкүнчүлүк жокко эсе. Паспорт алып жатканда сөзсүз дин көрсөтүлүшү керек, "жок" деген жарабайт.

7. Йемен

Йемен мамлекеттик дини - ислам. Шарияттын закондору менен жашайт. Ишенимден четтөө же дин алмаштыруу үчүн өлүм жазасы каралган. Акыркы өкүм чыкканга чейин Аллахка кайтып келгенге үч мүмкүнчүлүк берилген өткөөл мезгил каралган.

8. Нигерия

Конституция жана башка закондор дин эркиндигине кепилдик берет, бирок бул аткарылбайт. Мусулмандар жана башка диндегилер, өзгөчө христиандар ортосунда ар дайым согуш болуп келет. Кудайды мазактоо жана ислам дининен четтөө үчүн өлүм жазасы берилет.

9. Малайзия

Малайзиянын конституциясы дин жана сөз эркиндигине кепилдик берет, бирок кээ бир закондор аны чектейт. Ар бир он эки жаштан өткөн Малайзия жараны жанында дини жазылган, өздүгүн тактаган күбөлүк алып жүрүшү керек. Законго ылайык ишенимден четтөө - өлүм жазасы, кудайды мазактоо үчүн түрмөгө камалат. Билип алуу керек: банги зат аткезчилиги да өлүм жазасына алып келет.

10. Катар

Катарда мамлекеттик дин ислам дини, жана эң башкы закону- шарият. Ислам, христиан жана иудаизмден башка диндер жок. Бул үчөөнөн башка динге өтүү ишенимден четтөө болуп өлүм жазасына алып келет. Кудайды мазактоо үчүн жети жылга чейин түрмөгө отурат.

11. Судан

Судандын конституциясы жана башка закондору дин эркиндигине жол берет, бирок ишенимден четтөө, кудайды мазактоого, динсиз менен үйлөнгөнгө тыюу салат. Исламдан четтөө үчүн өлүм жазасы каралган. Мусулман эркекке христиан жана иудаизм дининдеги аялга үйлөнүүгө болот, ал эми мусулман аял башка диндегилерге турмушка чыга албайт. Акыркы өлүм жазасы Суданда 2013-жылы ишке ашырылган.

12. Мавритания

Мавританиянын конституциясы жана башка закондору дин эркиндигин чектейт. Бул мусулман өлкөсү. Башка диндегилер Мавританиянын жарандыгын ала алышпайт. Динди өзгөрткөнгө үч күн убакыт берилет, болбосо мүлкүн тартып алуу менен өлүм жазасына тартылат. Баардык закондор шарияттын негизинде жазылган.

13. Бириккен араб эмираттары

Конституция бир гана ислам динин тааныйт. Закон боюнча динди өзгөрткөнгө же динден четтегенге өлүм жазасы каралган, бирок азырынча бир да чечим чыга элек.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.