Атасы 16 жашар кызынын акыркы катын окуп жатып эсин жоготоюн деди, бирок аягына чейин окуганга кудурети жетти

Ар бир ата-эне баласынын бактылуу болушун тилейт.

 

 

Балдары бир аз чоңоюп калганда эле өздөрү чоңоюп алгансып, баары колунан келчүдөй, алардыкы гана туура болгондой чыга келишет. Ошондо ата-эне ойлонуп баштайт: кайсы жерден ката кетиргенин, эмнеге баласынын алып жүрүүсү ушундай болуп калганын.

Ата-эне үчүн эң маанилүүсү, балдары ден соолукта жана бактылуу болуусу, ошол эле кезде, үйдө болбогон кезде эмне менен алектенип жүргөнү кызыктырбай койбойт.  Балдардын жашоосу көңүл ачуу менен чектелбеши керек - алар да өздөрүнүн милдеттерин да унутпашы зарыл, мисалы окуусу тууралуу.

 

Бул окуянын каарманы, 16 жашар кыздын атасы кызынын бөлмөсүнө кирип, кызынын жазган катын таап, сестейип туруп окуган экен!

Стивен бөлмөдөн бөлмө кыдырып, өспүрүм кызын издеп жүргөн. Маанайы такыр жок болчу, анын сүйүктүү командасы жеңилип калгандыктан, кызы менен сыртка чыгып, өзүн алаксытуу үчүн балмуздак жеп келели деп жүргөн.

Ага чейин бир нече саат мурун эле кызы өзүнүн бөлмөсүндө болчу, бирок эмнегедир эч жерден таппай койду.

Бөлмөсүнүн жанына келип, эшиги ачык экенин көрдү. Төшөктүн үстүндө кат жаткан эле.

Анда мындай деп жазылыптыр:

"Кымбаттуу ата, апа!

Мен ушундай түрдө силерге жеткирип жатканым үчүн кечирим сурайм, бирок мен жаңы жигитим Умар менен үйдөн кеттим.
Чыныгы сүйүүмдү андан таптым - ал эң сонун жигит! Мен анын присингдерин, сексуалдуу шрамдарын, шумдуктуудай татуировкаларын жана дарылдаган мотоциклин сүйүп калдым!

 

Бул дагы бардыгы эмес - жакында Умар экөөбүз балалуу болобуз, меники 3 ай болуп калды. Биз анын трейлеринде күн өткөрөбүз,  ал мени көп бала төрөп бер деп суранып жатат. Мен ушунчалык бактылуумун!!! Дагы айтчу нерсе бар, эмки жумада үйлөнгөн атабыз!

Ошондой эле ал мага, марихуанна баары айткандай жаман эмес экенин түшүндүрдү, ошондуктан, трейлердин артына 17 түп отургузуп койдук. Бул Умар экөөбүзгө жетиштүү болот, ошондой эле анын достору бизге таблеткалардан да апкелип турушат.

 

Окумуштуулар СПИДге каршы дарыны жакында ойлоп табышат деп үмүттөнөм, Умар айыгып кетиши керек - себеби ал ага татыктуу. Акча тууралуу кабатыр болбогула - Умардын достору, Хуан менен Станислав кино тартышат, жана мени актриса катары алаарын айтышты!

Ар бир сцена үчүн 50 доллар, эгер сценада үчтөн ашык адам катышса дагы 50 доллар төлөп берет. Ошондуктан мен үчүн кабатыр болбогула - мен 16га чыктым, өзүмдү өзүм камсыз кыла алам.

Кийинки жолу үйгө келгенде, небереңер менен таанышасыңар!

Сүйүүм менен, Анна.

 

Постскриптум: Ата, жогоруда жазылгандын баары чындык эмес - мен болгону Эмманыкына телевизор көргөнү кеттим. Айтайын дегеним, сүйүктүү командаңыз жеңилип калгандан жаман, коркунучтуу нерселер бар!

Жакында келем!"

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.