Ашыкча семирип кеткен атактуулар! 5 фото

Белгилүү ырчы, актрисаларды экрандан дайыма бир калыпта жүргөндөрүн көрөбүз, сымбаттуу, арыкчырай болуп баарыбызды суктандырышат. Бирок алар дагы адам да, толуп же картайып кеткендерин көрүп таң калбай койо албайсың.

 

 

Хлоя Морец

Бул актриса кичине кезинен бери ар түрдүү жанрдагы кинолордо катышып келет. Болгону 21 жаштагы жаш актриса акыркы жылдары толуп баратканын баарыбыз көрүп турабыз. Бул кызга семирген жарашпайт экен, сымбаттуу болуунун бир гана жолу бул-арыктоо.

 
Рианна

Бул ырчынын жаңы чыгып баштаганынан бери билебиз. Ар бир ыры хитке айланган бул ырчы акыркы убакты өз салмагын жөнгө сала албай моюн сунуп калгандай сезим калтырат. Же ушундай формада жүргөн жакканбы айтор эл арасына тартынбастан чыгып келет.

 
Хиллари Дафф

Бул актриса кино, сериалдарга активдүү тартылып жүргөн убакта өзүнүн салмагын жакшы кармап жүргөн. Боюнда болуп, балалуу болгондон кийин өзүн таштап койгон сыяктуу.

 
Жеррард Батлер

Белгилүү бул актер алгач экранга чыкканында кандай экенин жакшы билебиз. Андан бери канча жыл өттү, баягы булчундардын изи да жок.

 
Нелли Фуртадо

Бул ырчы алгачкы хиттери менен таанылганда арыкчырай болгонун жакшы билебиз. Акыркы убакта хит ырларды жаратпай калгангабы өзүн таштап койгондой сезилет.

Facebook барагыбызга жазылыңыз