Ашказандын көлөмүн кантип кичирейтебиз

Тамака болгон мамилеңди өзгөртө турган айкын нускама.

 

 

Ошентип, биринчиден. Ашказаныңдын көлөмүн кичирейткиң келсе, биринчи көңүл бурчу нерсе – жеп жаткан тамак-аштын көлөмү жана тамактануунун жыштыгы. Канчалык көп жана бат баттан тамактансаң ошончолук чоң болот. Ошондуктан акыркы тамактанганыңдан бери үч саат өтө элек болсо тамактын ордуна бир стакан суу же көк чай ичип кой.

Экинчиден, эреже: уламдан бир жолку жеген тамактын өлчөмүн кичинеден азайтып туруу керек. Эртең мененки тамактануу биринчи, экинчи тамак, кофе жана круасандан эмес, бир порция кашадан туруш керек. Бара-бара ашказан жеген тамактын өлчөмүнө туураланып атканын байкайсың. Капталдары кичирейип, тамак сиңирүү органынын көлөмү да кичирейет.

 

Үчүнчү этапта жеген тамактын өлчөмүн дыкат көзөмөлдөө керек. Ашыра жебеш керек, узак убакытта дасторкондо отурганда дагы көп жегенге жол бербеш керек.

Себеби ашказан чоң көлөмдөгү тамак кирээр менен кайра чоюлуп, жаңы көлөмгө туураланып баштайт.

 

Төртүнчү учур – тамактануу шайманы. Чай кашык менен жеп артынан суу ичип көрүңүз, бул жакшы чайнап майдалаганга жардам берет. Суюк абалдагы тамак сиңимдүү болуп, ашказанда көпкө жатпайт, демек ашказан бат кичирейип калыбына келет.

 

Ашыкча жеп албаш үчүн бешинчи маанилүү фактор - тамактануу маданияты. Ашканада тамактан, даамды сезүүгө алаксыбаш үчүн телевизор, радио же компьютерди күйгүзбө. Дал ушунда оюңдун баарын тамакка болуп, ашыкча желбейт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.