Арыктоонун эң жөнөкөй жана арзан ыкмасы

Бул ыкмага акча деле коробойт, тер агызып спортзалда машыкпайсыз, арыктайм деп кымбат дары-дармек сатып албайсыз. Болгону күнүгө эртең мененки тамактан жарым саат мурун жана кечки саат 19.30да 1 стакан айранга чыланган гречка жейсиз.

 

 

Тамактан баш тарта албагандарга, денеси оорлошуп көнүгүү жасаганга мойну жар бербегендерге жана эмчек эмизген аялдарга бул диета абдан пайдалуу.

Болгону кечкисин 1 аш кашык гречканы таза жууп, стаканга салып, үстүнө айран куюп коюңуз. Эртең мененкиге чейин гречка көөп, даяр болуп калат. Кайра эртең менен дал ушундай ыкма менен кечки порцияны даярдап коёсуз

Гречканын курамында темир көп болгондуктан күн бою сизге күч кубат берет. Бир айдан соң бет териси жылмакайланып, чачтын өңү жакшырып калганын байкасыз. Гречка менен айран кошулмасы ичегини жакшы иштетип, организмдеги зат алмашууну жакшыртат. Кааласаңыз катырылган өрүк кошуп койсоңуз же табитиңизге жараша алма, мандарин, лимонду майдалап кесип аралаштырып жиберсеңиз да болот.

Facebook барагыбызга жазылыңыз