Арактын зыянынан башка пайдасы дагы бар экенин билесизби? Анда бул макала сиз үчүн

 

 

 

 

Айнек

Бөлмөнүн терезелерин же, көз айнектин айнегин тазалоодо арак колдонсоңуз болот. Ал үчүн 1 аш кашык аракка 3 аш кашык суу кошуп, аралаштырып, чүпүрөктү нымдап алып сүртүп чыгасыз. Бактерияларды өлтүрүп, эң мыкты тазалайт.

Муздак компресс

Жараат алганда муздак комперсс абдан жакшы жардам берет. Андыктан, алдын ала бир стакан аракка бир стакан суу кошуп ,аралаштырып, калыңыраак желим баштыкка куюп, тондургучка салып коюңуз. Айрыкча күйүктөн алган жараатта жакшы жардам берет.

Жалтырак чач үчүн

Алаканыңызга куйган шампунга бир аш кашык арак кошуп чачыңызды жуусаңыз, өңү жакшырып, жалтырак абалга келет.

Жабыштыргычтарды чыгарат

Кургап калган жабыштыргыч каражатарды арак абдан жакшы чыгарат. Ал үчүн ошол жерге арак тамызып, бир нече мүнөт күтө туруңуз да ,андан кийин чүпүрөк менен сүртүп чыгыңыз. Эч кандай кыйынчылык жаратпайт.

Устараны жаңылайт

Күн сайын сакал алган усатараңызды стаканга арак куюп салып койсоңуз, миздери курчуп, тазаланып, бактериялардан арылатат. Дат бастырбайт.

Асем буюмдарды тазалайт

Кирдеп же өңү өчкөн асем буюмдарыңыздын үстүнө арак куюп, беш мүнөттөн кийин щётка менен тазалап коёсуз.

Бут кийимдеги жагымсыз жыттан арылтат

Бут кийимдеги жагымсыз жыттан, бактериялардан арылтып, микробдорду өлтүрөт. Ал үчүн бут кийимдин ичине арактан чачып коюңуз. Бул ыкманы кечинде колдонуңуз ,анткени эртең мененкиге чейин кургап калышы керек. Мындан сырткары, бутуңузду самындап жууган соң ,арак менен чайкап койсоңуз жагымсыз жыты жоголот.

Гүлдөрдүн өмүрүн узартат

Үйдөгү карапага салынган гүлгө бир стаканга бир чай кашык кум шекер жана бир нече тамчы арак кошуп куюп турсаңыз, узак убакытка соолубай турат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.