Ар ким жылына бир жолу окуп коюп турчу макала

Жашооңду баалаганды үйрөтүүчү сонун макала. Бир жылда бир жолу окуп коюп турганга сунушталат.

 

 

Убагында кеткиле. Үйдө эч ким күтпөсө дагы көңүлдүү отуруштан, орунсуз байланыштан, жаман адаттан. Депрессиядан, жаман ойлордон, оор эскерүүлөрдөн, келечеги жок мамиледен, сизди талкалаган адамдардан.

Өзүңүзгө жана башкаларга мүмкүндүк бергиле. Ар кимге керек болгон комфортко, тынчтык тартуулаган, өзүн жанында жакшы сезген бирөөнү тапканга. Бири бириңерге ар кандай себептер менен муну тартуулай албасаңар башка мамиледен тапканга аракет кылчу үмүттү тартып албагыла.

 

Ачкөздөнбөгүлө, тартып албагыла – өзү билгендей бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүн. Ар ким өнүгүүнүн өз чекитинде болот, өз ритминде кыймылдайт, өз жыштыгында тартуулайт, өз багытында жүрүп өз тажрыйбасын алат.

Эгерде өз резонансыңызды тапсаңыз – демек бири бириңерди таап чогу бир камырда жууруласыңар. Эгерде диссонанс көпкө уланса алган тажрыйбаңызга ыраазычылык билдирип, андан кеткиле.

Оор кырдаалдар менен тебелеп кетчү механизмди кыймылга келтирбеңиз, ыңгайсыз шарттарда чечим кабыл алганга мажбур болосуз, коомдун түшүнбөй туруп үстүртөдөн, бирок терең кайгырткан сынына кабыласыз, чын чынына келгенде, сактап калганга болгон аракетиңизди кетирип чыдамыңыз кеткени менен эч кимдин деле иши жок.

Жашооңуздун денесинде терең так калтырбай убагында кетиңиз. Өзүңүздү күнөөлөп жаныңызды кыйнабаңыз, жашоо ансыз да бирөө эле, тагдырыңызды оорлоштуруп талкалабаңыз. Бирөөнүкүн дагы.

 

Өзүңүздүн жашоону башкалар сизди баалагандан да бийик баалаңыз. Эгерде бирөө өзүнүн жашоосун  сиздикинен жогору коюп баштаса, дароо кетиңиз. Сиз өз жашооңузга жооп бересиз, андан кийин бирөөнүкүнө. Эч ким өзүн курмандыка чалыш үчүн жаралбайт. Жашоо адамга сүйүүнү курмандыка чалганга берген эмес.

Өзүңдү жоготуп коюш оор эмес, бирөөнүн жашоосуна, дүйнөсүнө, чындыгына сүңгүп кетүү оңой эле. Муну талап кылуу да оор эмес.

 

Өзүңдү табуу оор. Өзүбүз гана чек кое алабыз. Бирөөнүн жашоосуна кирип кетип,  өзүңүзгө жетишээрлик убакыт бөлө албай каласыңар, же чыныгы муктаж болгондорго, өзүңүздүн жашоодо ошого корогон кичине күчүңүз жетпей калышы мүмкүн.

Бардык мамиледе алмашуу болсо жемиштүү болот, биргелешип иштешүү керек. Бул түгөйлүү бийдей. Эгерде бири бириңердин бутуңарды кан жалаганча оорута тебелесеңер анда бул бийди токтотуп, дарылаш керек. Кайра жаңы бий башташ керек, балким жаңы түгөй менен. Баардык мамиледе ушундай.

 

Убагында кеткенди үйрөнгүлө – ар кандай кырдаалдардан. Сиз андай убакты билесиңер, өзүңөргө ишенип, алданбагыла жана башкаларды алдабагыла.

Канчалык талашпайлы, жаман адам жок. Бизден айырмаланган адамдар бар. Биздин көз карашыбызга, акылыбызга туура келбеген, биз түшүнбөгөн адамдарды жаман деп көнүп калганбыз. Өзүбүздүн жана бири бирибиздин алдыбыздагы жоопкерчиликтен башка нерсе жок.

 

Жашообузда болгон нерсенин баары, айланабыздагынын баары биздин уруксаатыбыз менен болот. Жашообуз кандай болсо ошондой болууга биз уруксат бердик. Кыймылга келтирип койдук, эми өз нугунда жүрүп жатат. Жашообуз боз өңдө болгонуна, баарынан коркконго, өз жашообузду сырттан карап турганга уруксат бердик.

Артты кылчайып карап көрөлүчү, балким, кеткенге убакыт келди. Баарын таштап кеткен оор, оор бирок кетиш керек. Ичиңерден бышырып жеткиргиле, бирок убагында кеткиле.

Элдин талкуусунан жана оюнан кеткиле. Өзүңүзгө көңүл буруңуз. Таяныч точкаңыз кайда? Ошондо гана дүйнөнү өзгөртө аласыз да. Башка бирөөнөн издебеңиз. Сырын ачалыбы – ал жакта жок. Эгерде сизде бакыт жок болсо, жаныңыздагы адамда да жок сымал.                       

Таңууланган кыялдардан, ойго эрксиз келе берген коркунучтан кетиңиз, бирок алдыга жылганды токтотпоңуз, кыялданыңыз, аракет кылыңыз. Ката кетиргенден коркпоңуз, демек аракет кылдыңыз да. Башка бирөөнүн реакциясынан коркпоңуз, баары бир оюңуздагыны жасаганыңызга жүз пайыз эмне дээрин билбейсиз, жасасаңыз – коркунучтун эмне кереги бар. Бирок, убагында кетип калганга мүмкүнчүлүк болот. Андан ары улантканга.                       

Биз болсун деген нерсебиз жок болгонун, берет деген нерсени бербегенин түшүнөбүз. Каалаган нерсебизди бербей бизди эмнеден сактаганын билбейбиз.                       

Чындык жөнөкөй: баардыгы өз убагында келет, керемет дагы. Ошондуктан эч кимди кармабай убагында кеткиле. Эгерде кармалып калсаңыз анда сценарий башкалар үчүн жазылып баштайт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.