Ар дайым иштеген терс мыйзамдар

Аялдамада узак убакыт керек маршрутканы күтүп, келбегенинен үмүт үзүлүп башкага отуруп кетесиң. Канчалык таң калычтуу болбосун, так ушул убакта митаам маршрутка келет.

Бул чындап иштеген жалгыз жашоо принциптеринен эмес.

 

Мескимен закону: Дайыма, жумушту талап кылынгандай жасаганга, убакыт жетишпейт, ал эми кайра жасап чыкканга убакыт табылат.                       

Джоунстун зоопарктар жана музейлер закону: Эң кызыктуу экспонаттын аты жазылган тактайчасы жок болот.

Лермандын жыйынтыгы: Сизга ар дайым, же убакыт, же акча жетпейт.

Этторенин байкоолору: Жаныңыздагы кезек дайым бат жылат.

Жумуш аткаруу мөөнөтүнүн эрежеси: 90% жумуш 10% убакытты алат, 10% жумуш калган 90% убакытты.

Сегал мыйзамы: Бир сааты бар адам саат канча болгонун так билет, бир канча сааты бар болгон эч нерсеге ишенбейт.

Аскер аксиомасы: Туура эмес түшүнүлө турган буйрук туура эмес түшүнүлөт.

Флагг мыйзамы: Жыгачты такылдатуу керек болсо, дүйнө алюминийден жана пластиктен тураарын байкайсың.

Баардык тейлөөнүн башкы мыйзамы: Убактылуудан туруктуу эч нерсе жок.

Айдоочунун мыйзамы: Машинаны жуусаң жамгыр жаайт.

Кулагандын биринчи эрежеси: Кулаган буюм сөзсүз манжаларыңа тиет.

Алинский принциби: Колунан эч нерсе келбеген адам, асмандын башын сүйлөйт.

Чыккынчылык мыйзамы: Аял бай күйөсүнүн тукумсуз экенин билбей боюмда бар дейт.

Ричардын бири биринен көз каранды эрежеси: Көптөн бери сактап жүргөн нерсени ыргытса болот. Ыргытаар менен керек болот.

Колбаса принциби: Ким колбасаны жакшы көрүп, мыйзамды сыйласа - экөө тең кантип даярдалат, көрбөй эле койгону оң.

Дрюнун кесиптик практикасынын  мыйзамы: Ким аз төлөсө, ошол көп наалыйт.

Ван Рой мыйзамы: Сынбаган оюнчук башка оюнчуктарды сындырганга жакшы.

Издөө мыйзамы: Издөөнү эң ылайыксыз жерден башташ керек.

Мандарин мыйзамы: Мандарин сөзсүз көзгө чачырайт.

Банан мыйзамы: Быша элек банан алсаң бышканча жок калат. Бышканын алсаң жегенче бузулуп кетет.

Хлейд мыйзамы: Оор тапшырманы жалкоого бергиле - оңой жолун табат.

Жаман окуянын эрежеси: Бир канча жамандык боло турган болсо, эң жагымсыз ирээте болот.

Уиттен мыйзамы: Тырмагыңарды алаар менен керек болот.

Лабораторияда иштөөнүн биринчи мыйзамы: Ысык колба муздак колбадан айырмаланбайт.

Сууканал мыйзамы: Ысык сууну эң суук кыштын күнү өчүрөт.

Холт мыйзамы: Жасабаган адам үчүн жумуш жеңил көрүнөт.

Уолтер Гейтс принциби: Коррупция жөнүндө өкмөттө өткөн чакта айтылат.

Интернет мыйзамы: Жүрөгүңө канчалык жакын адам тапсаң, ошончолук алыс жашайт.

Тамеки чеккичтин мыйзамы: Кечиккен транспортту канча күтпөңүз, тамекини күйгүзөөр менен келет.

Өлчөө аксиомасы: Туура кесилген труба, керектүүдөн кыска болуп калат.

Зимерги ыктыярдуу жумуш мыйзамы: Кандай гана оор жумуш болбосун, кереги жок болуп калгандан кийин, баары жасаганга даяр.

Буб мыйзамы: Жоготконуңду дайыма акыркы чөнтөктөн табасың.

Магазин эрежеси: Кайсы гана кезеке турбаңыз, эң кашаң ошол жерде болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.