Ар бир үйдө жаман энергия бар. Аны кантип билсе жана тазаласа болот?

Көз тиет деген бул чындык. Үйдөгү жаман ауранын баары көз тийгендиктен пайда болот. Сиздин үйүңүздө канчалык жаман энергия көп чогулса ошончолук үйдөгү жашоочуларга зыянын алып келет.

 

 

Үйдө жаман энергия бар экенин кантип билсе болот?

1. Сиз үйдө жүргөндө башкача сезимдер боло берет. Мисалы, коркунуч, тынчсыздануу, кыжырлануу, шалдыроо.

2. Кичинекей балдар бат-бат ыйлап, тынчы кетет. Үй жаныбарлары да бир жерде тура албай тынчсызданышат.

3. Үйдө бирөө такылдаткан, кыйчылдаткан добуштар угулат. Буюмдар өзүнөн өзү жоголуп кайра табылып же сынып калат.

 

4. Оюңуз бир жерде болбой башкача ойлор келет. Проблема, жумушта болгон терс окуяларды гана ойлой бересиз.

5. Жашооңуз сазга айланып, тапкан акчаңызды чогултмак түгүл керектүү нерселерге да жетпей калат. Мына ушулардын баары сизге жана үйүңүзгө көз тийип, үйдүн ичине терс энергия чогулгандыктан кабар берет.

 

 

 
Жаман энергиядан арылуу жолу

Керектүү нерселер:

2 аш кашык уксус

Жарым аш кашык туз

1 стакан суу

Шалфей ак майынан 4 тамчы

 

 

 

Тузду стаканга салып суу менен толтуруңуз. Андан кийин уксус кошуп артынан майды салыңыз. Аралаштырбаңыз! Кандай болсо ошондой коюп коюңуз. Ушундай кылып бир нече стакан жасап үйдүн ар бир бөлмөсүнө экиден үчтөн коюп коюңуз. Эч аралаштырбаңыз! 

 

 

 

Эч кимге карматпаңыз. 24 саат ошол бойдон сактаңыз. 24 сааттан кийин жакшылап стаканды караңыз, эгер эч нерсе өзгөрбөсө анда үйүңүз таза. Эгерде суунун өңү 24 саат мурдагыдан башкача болуп өзгөрсө же башка бир нерселерди байкасаңыз анда үйдөн алысыраак жерге барып чачып салыңыз! Стакандагы суу бир калыпта болмоюнча бул процедураны кайталай бериңиз.

 

Суунун сөзсүз сыртка алып чыгып төгүңүз анткени ал өзүнө сиңирип алган жаман энергиянын баарын үйдөн алып чыгат. Мына ушундай жол менен үйдү тазаласа болот экен. Бул чындык ишенбесеңиз жасап көрүңүз жана жакындарыңызга сунуштаңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.