Кээ бирде аны өзүңө тартыш үчүн жөн гана туура сөздөрдү айта билиш керек.
Эркектердин көңүлүн алыш оңой, аларга эмне керек экенин билүү дагы оңой. Аларга таасир калтыруу дагы өтө жеңил. Кээ бирде аны өзүңө тартыш үчүн жөн гана туура сөздөрдү айта билиш керек.
Тилекке каршы биз сөздөрдү унуткарып, сырткы келбетибизге көбүрөөк көңүл бөлүп келебиз. Бирок, мына бул сөздөрдү ар бир эркек өз аялзатынан уккусу келет:
Ар бир эркектин ичинде баатырлык сезим бар. Албетте, ал өз күчү, кайраттуулугу менен аялзатына таасир калтыргысы келет. Ага бул жөнүндө комплименттерди айтып туруңуз.
Эркектер көп учурда аялдарга көрө албастык кылышат. Себеби биз комплименттерди көбүрөөк угабыз. Өзгөчө, анын сырткы келбетине байланыштуу. Эң башкысы бул сөздү чын дилиңизден айтыңыз.
Бирок комплиенттер сырткы келбет тууралуу гана болбошу керек. Бул сөз силерди өтө терең деңгээлде байланыштырат.
Адатта эркектер жолугушуу кечесиндеги бардык чыгымдарды өз мойнуна алат. Ушул себептен, эгерде сиз анын кандайдыр бир бөлүгүн, жок дегенде бир жолу өзүңүзгө алсаңыз ага жагымдуу болот. Сиз анын аракетин баалагандыгыңызды көрсөтөсүз.
Бул сөздү ар бир эркек уккусу келет. Ар бири өзүнүн сүйүктүү жана асылкеч экенин билгиси келет.
Эркектер өз үй-бүлөөсүн багуудагы чоң жоопкерчиликти сезишет. Ошондуктан анын аракетин баалаганыңызды тез-тезден ынандырып туруңуз.
Эркек үчүн эң маанилүү жана эң сонун создөрдүн бири. Ал үчүн коркок жана алсыз атка калуу – эң чоң коркунуч туудурат. Ушул себептен ал сиздин коргоочуңуз экенин билүү, ага чоң дем берет.
Эркектер үчүн айымдардын сыйы, сүйүүдөн дагы маанилүү. Бул нерсени сөзүңүздө гана эмес, жүрүм-турумуңузда дагы билдириңиз.
Эгер эркектин айымы анын достору менен жакшы тил табышса, бул эркек үчүн жакшы көрсөткүч.
Тилекке каршы биздин күндөлүк турмушубузда сейрек кездешүүчү сөз. Балким ал сизден үлгү алып ал дагы өз күнөөсүн мойнуна алганды үйрөнөттүр...