Ар бир эркек мамиледе ушул 7 нерсени абдан каалайт

1. Сиздин бактылуу болушуңузду

Балким, ал аны канчалык каалаарын айтпашы мүмкүн, бирок аны каалаарына толук ишениңиз. Себеби, эгер сиз бактысыз болсоңуз, ал көңүлүн чөгөрүп, эмне үчүн, кантип баарын жакшыраак жасаш керек, кантип сизди бактылуу кылыш керек деп ойлонот. Сиз жылмайганды токтотсоңуз, ал үчүн бүт дүйнө токтойт.

Ошондуктан, сиз нааразычылыкты же бактысыздыкты сезип турсаңыз жана анын бул тууралуу тынчсызданып жатканын байкасаңыз, сизди эмне кыйнап, ойлондуруп жаткандыгын айтып бериңиз.

 

 

2. Анын кызыкчылыктарына кызыгууңузду

Сүйүктүү жары анын хоббисине кызыгышынан артык эркекти бактылуу кыла турган эч нерсе жок,  Мисалы, ал спортту жакшы көрөт, бирок сиз жактырбайсыз. Эгер аны менен жок дегенде бир матч көрсөңүз, анын кубанычы койнуна батпай калат!

3. Биринчи кадам жасашыңызды

Аны каалап турганыңызды билдирип коюңуз, интимди демилгелеңиз. Ал сүйүктүү жана жагымдуу сезип калат. Айрыкча, эгер анын күнү жаман өткөн болсо. Ал комплекстери бар экенин көрсөтпөшү мүмкүн, бирок  биринчи кадамды таштасаңыз, анын өзүн-өзү сыйлоо сезими көтөрүлөт.

4. Сиз аны баалаарыңызды жана ыраазычылык билдиргендигиңизди

Комплименттер эркектер үчүн дагы маанилүү. Бул кыйын эмес. Эркектер өзгөчө комплимент жасаганды же өзгөчө көңүл бурганды жакшы көрүшөт. Жубайлар бири-бирин чындап бааласа, мамилелер бир топ жакшырат.

5. Ага өзү үчүн жеке убакыт беришиңизди

Эркектер көбүнчө аял ага жеке убакыт бербейт деп коркушат. Андыктан ага андай эмес экендигин билдирип коюңуз. Эгер курбуларыңыз менен жолугушууга чыксаңыз, аны да достору менен чыгууга үндөңүз.

6. Ага ишенишиңизди

Жубайыңыздагы кемчиликтерди гана көрүп, каталарды такай айтып турганда, аны канчалык ойго салганыңызды элестете да албайсыз. Ал каалаган нерсесин жасай алаарына ишенишиңиз керек. Эгер сиз ага ишенбесеңиз, анда ал өзүн сүйүктүү адам катары эсептебейт.

7. Сиз аны сыйлаарынызды

Ал өзүн сиз үчүн маанилүү экендигин, чечимдериңизге таасир эте тургандыгын сезгиси келет. Андыктан анын пикирин эске алыңыз, аны менен маанилүү маселелерди талкуулаңыз. Ал сиздин жашооңузду бөлүшкөн адам, ошондуктан ал сиздин урматтооңузга татыктуу.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.