Ар бир айымда болуусу керек… Ар бир айым билүүсү керек...

Бул тизмени Памела Сатран аттуу жазуучу түзгөн. Ал 19 жыл мурун жазылса дагы, актуалдуулугун жоготпой, бүгүнкү күнгө чейин айымдардын жүрөгүнөн орун таап келет.

 

 

 

АР БИР АЙЫМДА БОЛУУСУ КЕРЕК…

- Укмуштуудай бир кийим, капысынан ал жактырган компанияда аңгемелешүү же сүйүктүүсү менен жолугушуусу бир сааттан кийин боло турган болсо…

- Жаштыгы – артта калтырып унуткара турганга…

- Жаштыгындагы кичинекей каталар, карыганда ырахаттанып айтып бергенге…

- Бир досу, дайыма көңүлүн ачып турганга жана дагы бирөө, көз жашын аарчып турганга…

- Жок дегенде бир баалуу эмерек, ата- энесинен мураска калтырылган эмес, өзү сатып алгандардан…

- 8 окшош табактар, шарап куйганга 8 бокал жана конокторду таң калтыра турган бир жакшы тамактын рецеби…

- Сезим, өз жашоосунун ээси өзү экендигин далилдеген…

 
АР БИР АЙЫМ БИЛҮҮСҮ КЕРЕК…

- Кантип сүйүү керек жана сүйүүдөн өзүн жоготуп койбош керек экенин…

- Жумуштан кантип бошонуп кетүү керек, сүйүктүүсү менен кантип айрылуу керек, курбусу менен кантип талашуу керек – бирок кантип ар бир учурда достукту сактап калуу керек…

- Качан туруктуу, качан чегинүү керектигин…

 

- Өз бутунун узундугун, белинин жоондугун жана өз ата-энесин өзгөртүүгө күчү жетпестигин…

- Балким анын бала чагы жакшы болгон эместир, бирок ал эчак өткөндүгүн…

- Сүйүү үчүн же башка бир нерсе үчүн эмнени кылуу керек жана эмнени кылбоо керек экенин…

- Ага жакпаса дагы, кантип жалгыз жашоо керектигин…

 

- Кимге ишенсе болот, кимге ишенсе болбойт экендигин…

- Анын ички дүйнөсү тынчтанууну каалаганда, каякка баруусун… курбусунун үйүнөбү же шаардын сыртындагы эң сонун жатаканагабы…

- Ал эмнени кыла алат жана эмнени кыла албайт… бүгүн… бир айдан кийин… бир жылдан кийин…

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.