Ар бир айым билип алчу овуляциянын 3 белгиси

Үй бүлөсүн пландоо суроосуна көп көңүл бурган ар бир айым өзүнүн менструалдык циклин тыкыр көзөмөлдөп, овуляция келген убагын аныктаганга аракеттенет. Бирөөлөр үчүн балалуу болууга мүмкүнчүлүк болсо, дагы бирөөлөр үчүн сактанууга убакыт келди деген коңгуроо.

 

 

 

Кепти баштаардан мурун, бул эмне процесс экенин айта кетсек ашыкча болбос. Ырасын айтканда бул – жетилген энелик клетканын доминанттык фуликулдан бөлүнүп чыгышы. Белгилей кетчү нерсе – овуляциянын келиши аялдын репродуктивдик саламаттыгын жана боюна бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Овуляциянын келишин аныктоочу эң ишенимдүү ыкма – экспресс тесттер. Бирок айымдар, бул периоддо кандай симптомдор болоорун билип алганы жакшы.

 

1. Дене таптын көтөрүлүшү

Температуралык күндөлүктү аркалап жүрүш – эне болууну пландаган көпчүлүк айымдар үчүн күнүмдүк көйгөй. Ал эртең менен, дайым бир убакта, айым төшөктөн тургуча текшерилет (ооздон, жыныс мүчөсүнүн ичинен же анустан алынат). Циклдин биринчи жарымында температуралык көрсөткүчтүн нормасы 36,6 градус С болот. Фолликулдан энелик клетканын бөлүнүп чыккан убагында болжол менен 37,0-37,2 градус С ге чейин көтөрүлөт, кийинчерээк кайра бир азга түшөт.

2. Өзүн начар сезүү

Саламат организм овуляциянын келишине эч кандай реакция кылбай коюшу мүмкүн – нормалдык шартта дененин табы өзгөрбөй же терилерге бир нерселер чыкпашы мүмкүн. Бирок көпчүлүк айымдар анча-мынча алсыздыкты жана курсактын астынын ылдый тарткан оорусу болоорун белгилешет. Бул простагландин синтезинин – жатындын кыскарышынын күчөшүнө таасир берген заттын – күчөшү менен түшүндүрүлөт. Бул заттар энелик клетканын чыгышына жана жатын түтүгүнүн моторикасынын чоңоюшуна өбөлгө түзөт.

 
3. Жыныc органдан кан аралашкан бөлүнүп чыгуулар

Овуляциянын келиши эстрогендин (аялдын жыныстык гормону) азайышы менен бирге болот – так ошондуктан менструалдык циклдин ортосунда кандуу бөлүнүп чыгуулар пайда болот. Бул гормондордун концентрациясынын азайышы доминанттык фолликулдун айрылышына, ал болсо капилярлардын жабыркашына алып келет. Андан чыккан кан табигый жол менен эндометрияга аралашып чыгат. Эстеп жүрчү нерсе – анын түсү өтө ачык кызыл болбойт. Бул кубулуштан чочулап кереги жок – ал убактылуу гана болот жана бир нече сааттан 1-2 күнгө чейин уланат.

 

Ошондой эле көңүл бурчу нерсе, жогоруда айтылган симптомдор овуляцияга эле эмес, кээ бир ооруларга да тийиштүү. Ошондуктан, эгер ал симптомдор дискомфорт жаратса, ден соолукта башка көйгөй болбошу үчүн дарыгерге кайрылган туура.

 

Аялдын организми өтө татаал жана алдын ала айта албайсың, бирок көпчүлүк убакта ал аялга керектүү сигналдарды берет. Башкысы – өз сезимдерди туура угуу. Эгер овуляциянын жакындаганын же келишин туура билүүнү үйрөнүп алса, кээ бир айымдар эне болуу кыялын орундата алса, кээ бири каалабаган натыйжага учурабайт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.