Дүйнөдөгү биринчи кассасыз жана кезексиз дүкөн каякта ачылат?

Amazon компаниясы, кассасы жок жана узун кезексиз, келечектин супермаркетинин концепциясын тартуулады.

 

 

Сиэтлде кассасыз жана кезексиз Amazon Go офлайн-дүкөнү ачылат.

Amazon Go 2017-жылдын башында ачылат. Азыр ал бета-тест режиминде Amazonдо иштегендер үчүн гана иштеп жатат.

Компаниянын расмий сайтында айтылгандай, дүкөндө пилотсуз автомобилдерде колдонулган технологиялар колдонулат - компьютердик "көз", фьюжн-датчиктер жана терең изилдөө.

Дүкөнгө кирээрдин алдында смартфонго Amazon Go бекер программасын коюп, анан катталыш керек.

Каттоодон өткөндөн кийин каалаганыңызды сумкаңызга, керек болсо чөнтөгүңүзгө сала берсенңиз болот.

Датчиктер ким текчеден эмне алып же кайра ордуна коюп жатканын контроль кылып турат. Ар бир алган товар жеке эсепке кошулуп турат.

Дүкөндөн чыгып жатканда акчасы төлөнөт. Сатып алуунун суммасы өзү эле автоматтык түрдө эсеп-счеттон алынып калат.

Кандай иштегени жөнүндө кененирээк кийинки видеодо...