Ала жипти аттаган эркектер жөнүндө ар бир айым эмне билиш керек

Дайым эле кептин баары, эркекти аялынан уурдап кетчү “желмогуз” аялда эмес. Көбүнчө бул назик аял эркекти сүйүп калат, ал болсо алдоо менен башкаруунун мастери болуп саналат.

Ала жипти аттаган эркектерде аялды азгыруучу, бирок көпчулук байкабаган ыкмалары бар экен.

 

 

Башында алар кадимкидей эле достук мамиледе жөнөкөй алып жүрүшөт. Алар жөнөкөй сөздөрдү сүйлөшөт, кээде аялы жана үй бүлөөсү жөнүндө сыймыктануу менен ачык айтышат. Негизи, сиз жалгыз жашаган аял болсоңуз деле, үй бүлөөлүү болсоңуз деле, мындай сөздөргө өтө көңүл бурбайсыз.

Көбүнчө, мындай сөздөр жумушта болот, бирок кээде башка кырдаалдарда да болушу мүмкүн.

Кийинчерээк, аялды сөзгө тарткандан кийин, өз курмандыгын комплиментке сугарып, ыйлаганга ийинин кое коюп, керек болсо белек-бечкек да тартуулай коюу менен өзүнө тартып баштайт. Жыйынтыгында ал сиздин телефон номериңизге ээ болот, сизди интернеттен табат, иши кылып эле сиз менен дайым байланышта болуп туруунун жолун издейт.

Көп убакта, мындай эркектерге, сиздин үй бүлөө барбы-жокпу кызыктырбайт деле. Бирок кээ бирлери ойношун толук көзөмөлгө алуу максатында, жалгыз бой айымдарды тандайт.

Эң башкы коркунучтуу коңгуроо – бул качан үй бүлөөлү эркек өз жашоосуна даттана баштаганы. Ушунчалык даттанат десең, азыр ажырашып кетчүдөй сезилет. Дагы бир коңгуроо – жаман секске же анын жетишпегендигине даттануу.

Негизи эле бул калп. Ала жипти аттаган эркек үй бүлөөсү тууралуу чындыкты айтпайт. Эки башка төшөккө жатканы, балдар үчүн гана жашап жүргөнү. Кээде ажырашканга бүт кагаздар даяр экенине дагы ынандырат. Бирок, мунун баары калп. Ал эч кандай ажырашпай эле турат жана аялы менен бир төшөктө эле жатат, ишенип кой, секс менен да кадимки жубайлардай эле алектенишет.

Тилекке каршы, көпчүлүк аялдар мындай эркектин бал тилине кирип алып, аны сүйүп калат да, ар бир калпына ишенет.

Негизи, мындай эркектер үй бүлөөсүн таштабайт, таштагысы дагы келбейт. Болгону алар башка бирөөнүн эсебинен жашагысы келишет.

Ошондой, эми өзүңүз жыйынтык чыгарып көрүңүз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.