Акылсыз көрүнбөш үчүн сүйлөшүүдө төмөнкү 5 катаны кетирбеңиз

Сүйлөшүү өнөрү өтө маанилүү. Ар дайым өнүктүрүп жана жакшыртып туруш керек. Сиз менен баарлашкан канчалык кызыктуу болсо, ошончолук сизге мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылат.

Жагымдуу маектеш болуш үчүн кызыкчылыктын ар түрдүүлүгү жана бал тилден сырткары кээ бир каталарды кылбаш үчүн токтоолук да керек.

Төмөндө каталардын негизгилери:

 

1. Мактанчаактык

Кээ бир адамдар жаңы машинаны же эбегейсиз чоң маянаны айтып жатып айланасындагыларга таасир калтырам деп ойлошот. Бир жагынан туура. Айланадагыларга таасир калат... келесоо деген. Акылдуу адамдар көңдөй жана кызыксыз деп эсептешет. Атайын өзүн башкалардын алдында көтөргүсү келгенде дароо көзгө урунат, жана тескери эффект берет.

2. Өтө көп кеңеш

Баардык адамдар кеңеш бергенди жакшы көрүшөт. Мунун таң калычтуу деле эч нерсеси жок. Кимдир бирөө сиз менен көйгөйүн бөлүшүп баштаганда, биринчи ойго келген нерсе - колдоп, өз көз карашыңыз, тажрыйбаңыз менен бөлүшүү, бирок адамдарга жөн эле айтып алуу жетиштүү. Эгер кереги жок экенин сезсеңиз түшүндүрмө берүүдөн карманыңыз. Кеңеш чындап керек болсо адатта өздөрү сурашат. Ошондо да чектен чыгып кетпеңиз. Өтө активдүү кеңешчи өзүнөн башканы көрбөгөн, баардык суроого жооп билген акылдуусунган көрүнүшү мүмкүн. Чындап эле көйгөйү бар адамды бул кыжырлантат.

3. Мен... Мага... Менде...

Кээ бир адамдар бар, бир гана темада сүйлөй алышат - өздөрү жөнүндө. Кандай гана диалог болбосун, бүт баарын өзү жөнүндө монологго айлантат. Бул кыжырлантат. Эң начар маектешке айлантуучу кеңири тараган ыкмалар:

- Маектешиңиз жаңы сүйлөп баштаганда, сөзүн жыра талашып: "Бул эч нерсе эмес, а менде..."-деп туруп өз окуяңызды айтып баштаңыз.

- Диалог учурунда маектешиңизди укпай, өзүңүз эмне айтаарыңызды ойлонуп туруңуз.

- Эмне тема болбосун, сөздү өзүңүзгө кызыктуусуна бура бериңиз, эч кимге кызыксыз болуп, актуалдуулугун жоготсо деле.

- Көп сүйлөңүз.

4. Ушак

Жаңы таанышыңыз менен маңдайыңыздагы айымдын кийимин, жалпы таанышыңардын кир чачын, кошунаңыздын акыркы сүйүү романын талкуулайлы деп чечтиңиз? Анда бул адам менен акыркы жолу сүйлөшүп атам дей бериңиз. Айланадагыларды ушактап, талкуулаганды баары эле жакшы көрө бербейт. Албетте, өзүңүздү алардан жогору коюп, кыйын сезип каласыз, бирок андан сырткары терс учурлары да болот. Бул тажатма, пайдасыз жана ушактан кийин көңүлдө жаман так калат. Эгерде кимдир бирөөнү чын дилиңизден таалкуласаңыз, маектешиң ал кетээри менен аны ушактап баштаарыңызды ойлоп, сиз менен сүйлөшкүсү да келбей калат.

5. Ката кетирүү алдындагы коркунуч

Сүйлөшүп жаткандагы эң башкы ката - ката кетирип алам деп коркуу. Жакшы маектеш экен деген таасир калтырыш үчүн болгон аракетти жумшаганда, диалогдун маанисине эмес, ар бир сөздү тандап сүйлөп, ойдун баары башкада болот. Жөнөкөй болуш керек. Эмне айтып жатканыңызды ойлонуңуз, эмне ойлоп жатканыңызды айтыңыз.

Кантип бул каталардан кутулса болот? Жообу жөнөкөй: өзүңүздү өтө жогору кое бербеңиз. Бул катанын баары өзүңүзгө көп көңүл бургандан келип чыгат.

Маектен ыракат алыңыз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.