Акылга сыйбаган, обу жок 8 мелдеш

Ким менен, кайда, эмнеге болбосун мелдешкенге даяр адамдар бар - булар жеңүү үчүн баарына барышат. Кээде жыйынтыгы аргасыз болгон учурлар да кездешет. Бул макалада ошол жөнундө.

 

 

1. Эркек аялдын төшүн жасатам деп мелдешип, жыйынтыгында жасаткан

1996-жылы Брайан Зембек досу менен (экөө покер көп ойношчу) төшүнө имплатант коюп пластикалык операция жасатып бир жыл боюу жүргөнгө 100 000 долларга мелдешкен. Мелдеш деген мелдеш.

Брайан Зембек кумарчы хирург таап, аны менен да мелешип нарды ойноп, 4500 доллар турган операцияны жеңип, жасаткан. Андан бери 21 жыл өтсө да, Брайан Зембектин төшү С көлөмүндө жана бир жылда 10000 доллар киреше алып келет. Бул убакыт ичинде аялы менен баласы Зембектин төшүнө көнүп калышкан.

2. Покерден жеңилген адам 99 белгиден турган ат алган

Покер менен аракты бириктирсе эмне болот? 99 белгиден турган атка ээ болосуңар.

22 жаштагы жаңы зеландиялык жигит - “Мистер Спок плюс мистер Форстновага караганда, алда канча акылдуу жана сексуалдуу, Болот Хавок” деген ысым алып жүрөт. Бул ысым мас болуп покер ойноп жеңилип калган аты. Каршылашы жеңилсе ал 100 белгиден турган ысымга ээ болмок. Ички иштер департаменти атын өзгөрткөнгө уруксаат берген. Эми ал айдоочу күбөлүгүн жана башка юридикалык документтерин өзгөртүшү керек.

Албетте, кайра в арыз жазып, 127 доллар төлөсө эски ысымын кайтарып ала алат.                       

3. Вегетерианец гамбургер жегенге мелдешип, 10000 доллар уткан

Покер оюнчусу Говард «Профессор» Ледерер — вегетарианец. Дагы бир оюнчу Дэвид Грей вегетерианец менен уйдун эти менен гамбургер жей албайсың деп 10000 доллар утам деп ойлогон. Принцип принцип менен, бирок, мелдеш үчүн баарына даяр болгон вегетерианец гамбургер жеп, 10000 доллар утуп алган. Девид Грейдин зайтун (оливка) жек көрөөрүн билген вегетерианец дагы бир мелдеш сунуштаган. Эгер Грей зайтун жесе 10000 долларды кайтарып бермек. Бирок, жегенден баш тартып дагы 10000 долларга жеңилген. Бир эле убакта 20000 долларын утулган.                       

4. Аялын электрошок менен урганды жеңип алып, түрмөгө түшкөн

«Chicago Bears» футбол командасынын фанаты Джона Гранта жана аялы «Green Bay Packers» командасынын' күйөрманы Николь дем алыш күнү жергиликтүү барда пиво ичип, футбол көрүп отурушуп мелдеше кетишет. Кимдики жеңсе жеңилгенди электрошокер менен урмай болот. 20-27 эсебинде күйөсүнүн командасы жеңет. Мелдештин шарттарын аткарганга экөө көчөгө чыгышат. Биринчи жолу ток тарттырганда Николь каткырып күлүп жатканын видеокөзөмөлдөн көргөнгө болот. Экинчисинде жерге кулап түшөт, үчүнчүсүндө Николь полицияны чакырат. Джон Грант лицензиясы жок электрошокер көтөрүп жүргөнү үчүн жоопко тартылган.

5. Баардык байлыгын жана мүлкүн рулеткага койгон бала

Бул тизмеде британиялык Эшли Ревелл жөнүндө айтпаска болбойт. 2004-жылы 32 жашында Лас-Вегаска болгон дүйнөсүн чогултуп алып рулеткага койгонго барат. Болгону 135 300 доллар болгон. Үй бүлөөсү жана достору тынчсызданган. Биринчи эле айлампада ал утуп акчасын эки эсеге көбөйткөн. 600 долларды тараткан балага берип, Англияга кайтып келген. Азыр ал онлайн покер ойнойт.

6. Мелдешип башын отко салып "Үрөй учуруучу жарышчы" атыккан адам

Дагы бир мас абалдагы мелдеш. 36 жаштагы Уильям Боннер башын өрттөгөнгө макул болгон. Биринчи ал бийлик өкүлдөрүнө мас болуп согушуп кеттип ошол жактан башымды күйгүзүп салышты деген. Бирок, видеокөзөмөлдөн ал досуна башына алкоголь куюуусун суранып, күйөт деп мелдешип, өзү өрттөгөнүн көрүүгө болот. Мындан улам "Үрөй учуруучу жарышчы" атына ээ болгон.

7. Мелдешип аялын уттуруп жиберген

2007 жылы Андрей Карпов баардык акчасын Сергей Бродовго покерде уттуруп жиберип, айласы кеткенде аялы Татьянаны мелдешке сайып аны да уттуруп жиберген. Татьяна кайгырган деле эмес, ал: "мени мелдешке койгондо, мен Андрейден кетишим керек деп чечкем. Сергей келбеттүү жана покерден утуп алганына карабай мен аны менен бактылуумун" - деп эскерет.                       

8. 5 долларга кыздын чапканына туруштук бере алам деп мелдешкен Рэпер жашоосу менен кош айтышкан

Өзүнө ишенүү жаман эмес, бирок аша чаап кеткен жаман жыйынтык бериши мүмкүн. 2010-жылы жаңы баштаган рэпер Джон «Фэтбой» Пауэлл көңүл ачуу кечесинде кызык мелдеш ойлоп тапкан. Ал кайсыл гана кыз чаппасын туруштук берем деп 5 долларга мелдешкен. 22 жаштагы Тиффани Старц чыгып жаака чапкан. Бир кадам артка жылып кулап түшкөн. Моюн артериясы үзүлүп кетип ооруканада көз жумган. Старц күнөөсүн моюнуна алган, бирок сот залында акталып чыккан.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.