Акылдуу айымдардын эч качан бөлүшпөгөн 10 сыры

Сырды эч кимге айтпай бекем сактаганыңыз өзүңүзгө эле жакшы. Жеке сырыңызды, башкалардын сизге ишенип айткан сырларын дагы ичке бекем сактап кулпулап, ачкычын терең көлгө салып жибериңиз.

 

 

Өзүңүзгө гана тиешелүү...

1. Келбетиңизге, дене мүчөңүзгө байланыштуу кемчиликтерди курбуңузга айтып арызданбай эле коюңуз. Сулуунун сулуусу деген аялда дагы кандайдыр бир кемчилик бырыш, жарашыксыз кал же чаарала так болот, анан айымдардын баарындагынын эң башкы каалоосу, арыктагылары келет.

Айымдардын дээрлик баары бетиндеги же келбетиндеги бир жерин өзгөрткөндү каалашат. Акылдуу аял ошол кемчилигин башкалар менен бөлүшпөйт. Башкаларга айткан менен кемчилик түзөлүп калбасын ал жакшы билет, андыктан ал жакшы жактарына басым жасайт.

2. Күйөөңүз же сүйгөнүңүз менен болгон мамилени жар салып айта бербеңиз. Дүйшөмбүдө ыйлап, шейшембиде ага таарынып, шаршембиде кайра жарашып, бейшембиде кайрадан сүйүп калганыңыз ички сырыңыз болсун. Эгер болгонун болгондой досторуңузга айта берсеңиз алар жаман жагын көбүрөөк эстешет да,  силердин жеке сырыңар элдин баарына маалым болот.

3. Чатакташуу маалында катуу ачууланып, кайгыга батып, ага миллион смс жазып, уюлдук телефонуңуздун батареясы өчүп калганча чалып тилдеп, каргап, ыйлап-сыктаганыңыз, эми андан өч алаарыңыз тууралуу эч ким билбей эле койсун. Муну айтканыңыз менен сизге зыяндан башка пайдасы жок.

4. Канча жигит менен жүрүп, канчалаган сүйүү романдарын башыңыздан өткөрдүңүз? Муну башкаларга айтып кереги жок. Себеби, айымдар мамиле түзүүгө акылуу жана ал жеке ага гана тишелүү. Ар бир адамдын өткөн чагы бар. Өткөн чакты ойлоп санаага батпай өткөн чактан сабак алып, каталыктарды кайталабай алдыга кете берүү дурус.

5. Кимдир бирөөнүн турмушуна он-лайн аркылуу кызыгуу аялдардын көнүмүш адаты. Айымдар мурдагы жигитинин же сүйгөнүнүн, жолдошунун эмне менен алектенип жатканын билгенге кызыгып, он-лайн аркылуу аңдыганды жакшы көрүшөт. Ошондой болсо да, бул туурасында деле башкаларга жарыялай бергенге БОЛБОЙТ! Көргөн-билгениңиз ичиңизде болсун.

Өзүңүздү жарнамалай бербеңиз!

6. Бирөөлөргө жардам бергиңиз келет, бирок, колуңуздан келген ишти башкаларга айтып, өзүңүздү өзүңүз жарнама кыла бербеңиз. Сиз беш колуңуздай билген ишти балким, башка бирөөлөр жаңы үйрөнүп жатышат. Жардам сурап кайрылбаса унчукпай эле койгон дурус.

7. Мурдагы күйөөңүз же жигитиңиз жөнүндө ойлоно бересизби? Бул туурасында  апаңызга, балким курбуңузга айтыңыз. Бирок азыркы жигитиңизге айта көрбөңүз. Ал баарын сонун түшүнүп турса да, тилиңизди тишиңизге катып унчукпаңыз.

8. Канча акча табасыз, канча каражат короттуңуз? Бул жөнүндө дагы ачык-айрым маалымат берүү туура эмес. Акча темасы татаал, ал кимдир бирөөгө арзыбаган акча болсо, бирөө үчүн кол жеткис каражат, дагы бирөөнүн күлкүсүн келтирет.

9. Жолдошуңуздун туугандары, үй бүлөсү, достору туралуу ар кандай пикирлерди айткандан алыс болуңуз. Жолдошуңуздун апасы менен урушканыңызды, туугандары менен пикир келишпестигин айтып кереги жок. Эгер жолдошуңуз тандоо жасаса, ал сиздин пайдаңыз үчүн чечилбей калышы мүмкүн.

10. Башка бирөөлөрдүн сырларын ар кимге айта көрбөңүз. Адамдардын сизге болгон ишеничи жоголот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.