Акыл эс киргенден кийин Исламды кабыл алган дүйнөлүк 7 жылдыз

Жылдыздар дин ишенимин ар кандай себептер менен өзгөртөт. Кээ бири чын ишеним үчүн өзгөртсө, кээси пиар үчүн. Түгөйү үчүн өзгөрткөндөр да бар.

Дүйнөлүк жылдыздар арасында ислам динин кабыл алгандар жүздөп саналат. Кээсин, сиз мусулман деп ойлобошуңуз дагы мүмкүн. Алдыда, өз дини жөнүндө эл алдына айткан, 7 мусулман жылдыздарын тартуулайбыз.

 

 

 

 

1. Майк Тайсон

Дүйнөгө таанымал, чатак Майк Тайсон жашоосунда жана карьерасында эмне гана кылган жок. 3 жыл түрмөдө отуруп чыккандан кийин ислам динин кабыл алууну чечет. Бул чечим анын жашоосун толугу менен өзгөрткөн.

2. Джанет Джексон

Поп музыканын каролу атка конгон Майкл Джексондун карындашы катар миллиардери Уисамм Аль-Манга турмушка чыккандан кийин күйөөсүн колдоп ислам динине өткөн.

3. Баста Раймс

Баста Раймс мусулман болгонуна 10 жылдан ашты, бирок эч ким деле билген эмес. Репер массалык маалымат каражаттарына, философиясынын өзгөргөнүн жакында гана жарыялаган.

4. Мохаммед Али

Кассиус Марцеллус Клей баарыбызга белгилүү Мохаммед Али болуп 22 жашында өзгөргөн. "Ислам эли" организациясына ошого чейин эле катышып жүргөн.

 
5. Шакил О'Нил

Америкалык таланттуу баскетболчу Шакил О'Нил 2000-жылдардын башында ислам динин кабыл алган. Спортчу өзүнүн дини жөнүндө көп айта бербейт, 2010-жылы ажылык сапарга барган жайы да бар.

6. Айс Кьюб

Белгилүү репер, Айс Кьюб лакап аты менен таанымал О’Шеа Джексон, 90-жылдары исламды кабыл алгандан кийин кудайга болгон ишеними түз жакка өзгөргөнүн айткан.

7. Эйкон

Эйкон мусулман экенин көпчүлүк деле биле бербейт. Ал, эч качан ичип-чекпегенине сыймыктанаып келет. Анын, өз динине арналган – “Сенегал” аттуу ыры да бар. “Биз кылганыбыздын баары Аллах үчүн” – дейт белгилүү ырчы.

 

Макала интернеттеги ачык булактардан алынды.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.