АКШда бир киши «кылыч көтөргөн перини» сүрөткө тартып алдым деп чыкты

Бирок скептиктердин ою такыр башка, сүрөттө чымын-чиркей болушу мүмкүн дешүүдө.

 

 

54 жашар Мичигандын тургуну Глен Торман түшүнүксүз сүрөттү тартып алды, ал сүрөттө анын ою боюнча, асмандан түшкөн "пери" түшүп калган.

Daily Star жазгандай, ал адам түндөсү, айырмасы секунд болгон эки сүрөт тарткан, жана экинчи сүрөттө ал так көрүнгөн элести көргөн.

«Бул чыныгы пери болчу. Көзүмөн жаш чыгып да кетти. Көргөн көзүмө ишене албай кеттим. Токтоосузда сүрөтту аялыма жана жергиликтүү попко жибердим, ал мунун чыныгы пери экенин тастыктады», - деди Томас журналисттерге.

Сүрөт Мичигандын чиркөөлөрүнүн биринин баракчасында жарыяланган. Айтмакчы, скептиктер, кадрга объективге жакын учуп келген чиркей түшүп калган, ал эми кылычы болсо, фондо турган үйдүн чатыры деп белгилешүүдө.

Сиз кандай деп ойлойсуз? Деги эле перилерди кадрга илип алуу мүмкүнбү?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.