АКШда 133 унаа катышкан ири жол кырсыгы болду. Видео, сүрөт

АКШнын Техас штатында 133 автоунаа катышкан ири кырсык болду, деп билдирди Fox News.

Акыркы маалыматтар боюнча, алты адам каза болуп, 60ка жакын адам жаракат алды.

 

 

Полициянын айтымында, окуяга жолдогу тоңуп калган муз себеп болгон. Тез жардам кызматынын басма сөз катчысы Мэтт Завадскийдин айтымында, бир нече адам оор абалда ооруканага жеткирилген, калгандары оор жаракат алышкан, дагы башкалары үчүн алган жаракаттардын оордугу дагы эле аныкталууда.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.