Акча баарынан маанилүү дейсизби, анда бул постту окуңуз

 

 

 

 

Мамилеге тажрыйба жасоо

Себепсиз эле жаныңыздагы жакындарыңызды жүзүнөн сүйүңүз. Көптөн бери байланышпай жүргөн таанышыңызга кат жазып, ал- ахвалын сураңыз. Үй бүлөңүз менен биргеликте даамдуу тамак жасаңыз. Мамилеге мындай тажрыйба жасоо менен мамилени бекемдөөгө болот.

Достук

Чөйрөдөгү жакшы ниеттеги достор ийгиликке жетүүгө түрткү берет. Алар менен жолугуп, баарлашуу жемиштүү болот.

Акылдуулук

Сиз өзүңүздү өтө эле акылдуу эсептейсизби. Мейли, маселе жок. Бирок, ошол акылдуулуктан жазбаш үчүн дагы көбүрөөк окуңуз, издениңиз.

Нике

Башка бир адамды толугу менен өзүңүздүн жашооңузга кабыл алуу менен тагдырыңызга өзгөчө бурулуш жасаган болосуз. Никедеги экинчи жарымыңыз жашоого жаңы көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк түзүп берет. Сүйүүнү сөз менен эмес жашап түшүнө баштайсыз.

Ден- соолук

Ден- соолукту акчага сатып алууга болбойт. Айрыкча жан дүйнөнүн “ден- соолугу” чың болушу абзел. Андыктан бул үчүн бардык аракеттерди алдын- ала көрүңүз.

Карылык

Жаш курагыбыз бир жерде токтоп турбайт. Жылдар өтүп картаябыз. Буга тынчсыздануунун кереги жок. Тескерисинче картайгандагы кадырлуу карылык тууралуу ойлонуңуз.

Канаат кылуу

Бар нерсеге канаат кылып жашоо адам баласынын эң чоң жетишкендиги. Канаат жок болсо көрө албастык, текеберлик, ачкөздүк сыяктуу жаман адаттар пайда болот.

Динди бекемдөө

Ар бир инсан өзүңүң кармаган динин таза кармаса, андагы жазылган эрежелерди туура сактаса, демек, жашоосу алда канча жеңил болот. Андыктан диний түшүнүктү терең таанып- билүү үчүн ага байланыштуу китептерди көп окуңуз.

Сезим

Жагымдуу сезимдерди да акчага сатып алуу мүмкүн эмес. Андыктан жагымдуу сезимдерге кабылган учурдагы көз ирмемдерди баалап-барктай билиңиз.

Өз күчүнө ишенүү

Акча, байлык келет-кетет… Ал эми жашоо үчүн күрөшүүдөгү күч эч качан жоголбойт. Демек, өз күчүнө ишенүү чоң жетишкендик.

Кайрымдуулук

Муктаж адамдарга жардам көрсөтүү менен эч качан кембагал болуп калбайсыз. Тескерисинче, Жараткан сизге ал жакшылыгыңызды миң эсе кылып кайтарып берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.