Акча үзүлбөгөн капчык кандай болуш керек? Өзүңүздүкүн текшериңиз

Эгер сиз баарынан үнөмдөп, бюджетти катуу кармасаган күндө да акча токтобой,  агып кетип эле жатса, капчыгыңызды жакшылап карап көрүңүз.

Мүмкүн, сиз акчаны туура эмес сактап жаткандырсыз. Азыр биз акча тартуучу туура капчыкты тандайбыз.

 

 

 

Капчык кандай болушу керек

Капчыктын акчаны тартуусу үчүн, ал сыйлуу, бай көрүнүшү керек. Арзан капчык эч качан акча тарта албайт, анткени ал өзүндө жакырчылыктын энергиясын алып жүрөт. Сиз кирешени көбөйтүү жөнүндө ойлоно да албайсыз, анткени, капчыгыңызды көргөн сайын жана анын баасы 200 сом экенин эстей бересиз.

Кымбат капчык үчүн акча жетишсиз болуп жатса - орточо баадагы капчыкка токтоңуз, эң негизгиси ал бай, сыйлуу көрүнүп, байлык жөнүндө ойлорду жаратышы керек. Капчык өзүнүн "кебетесинен" кетээр замат, андан арылууну унутпаңыз.

Сүрүлүп, бүктөлүп жана ал тургай тешилип калгын капчык сизди жакырчылыкка программалайт, анткени акча мындай капчыкка кирүүгө шашылбайт. Эски капчыкты эмне кылуу керек? Андан кутулуп, тез арада жаңысын сатып алуу эң жакшы.

Ошондой эле, акча кенен капчыкта өзүн жакшы сезе турганын унутпаңыз. Кандай гана болбосун, эң чоң банкноттор ага бүктөлбөй, толугу менен түз батышы керек. Анткени, эгерде ири купюралар сиздин капчыгыңызга батпаса, анда алар сизде пайда болбойт. Тыйындар үчүн ыңгайлуу чөнтөгү болушун да унутпаңыз, ал дагы сөзсүз болушу керек.

Ишенимдүүлүк үчүн, сиз белгилүү бир түстөгү капчыкты тандасаңыз болот. Фэн Шуй боюнча, күрөң, кара, сары, алтын жана күмүш түстөр "акча түстөрү" болуп саналат. Бирок суунун түстөрүнөн (көк, көгүш, жашыл) качыңыз, анткени мындай капчыктан акча түз эле агып кетет.

Ичинде эмне болушу керек

Акча тартуу үчүн капчыгыңызга эмне салуу керек? Фэн-шуй боюнча бир кеңеш бар - капчыгыңызда бир тутам жүзүм, жалбыз жалбырактары же көк чай чагылдырылган кичинекей сүрөттү сактаныз: ар кайсы өлкөлөрдө бул жемиштер жана өсүмдүктөр капчыктын ээсинин акча бактысын жакшыртат деп ишенишет.

Бирок капчыктан ашыкча нерселердин баарын алып салганыңыз оң. Жакындарыңыздын сүрөттөрү, ар кандай эстеликтерди, белектерди алып жүрүүдө сиздин каржы ордонузда орун жок. Ошондой эле ар кандай таштандылардан, эски чектерден, кагаздардан арылуу керек. Акча орду жок капчыкка "барбайт".

Капчыкка кандай мамиле кылса ал акчаны тартат

Капчыктагы акчалар, бет жагын өйдө каратып  өйдө каратып сакташ керек жана ирээттүү болушу зарыл: чоң акчадан баштап майда акчаны карай. Биринчиден, бул акчага көбүрөөк сый менен мамиле кылууга жана аны тез-тез эсептеп турууга жардам берет. Бул сизди тартипке салат жана сиз түз жана каймана мааниде каржыңызды көзөмөлдөй баштайсыз.

Капчыгыңызды эч качан бош калтырбаңыз. Бул эреже сизге баарын акыркы тыйынга чейин коротпоого жардам берет. Сизде дайым шашылышубакка дайым запас болушу керек - жок дегенде жол киреге жеткидей.

Бирок утуп алган, арам жол менен табылган, белекке берилген акчалар бакыт алып келбейт, андыктан алар капчыгыңызда калбашы керек. Аларга керектүү нерселерди сатып алып, муктаж болгондорго берип, же дароо кандайдыр бир бизнеске инвестиция кылып жиберген жакшы.

Ал эми мандай тер менен тапкан акчага сый жана аяр мамиле кылуу керек. Капчыкка салуудан мурун, ар бир купюраны оңдоп түздөө керек.

Акчага тиешелүү документтер кызыл жабык конвертте же кызыл папкада сакталганы жакшы. Бул өз учурунда, сизге кредит же кандайдыр бир эсептерди төлөөдө көйгөйлөрдү жаратпайт.