Ак жумуртка күрөңдөн эмнеси менен айырмаланат? Күтүүсүз...

Ак жумуртка менен күрөңдүн ортосунда көптөгөн сөздөр айтылып келет. Кээ бирлер, күрөң жумуртка акка караганда пайдалуураак жана даамдуураак дешет. Ал эми кээлер ак жумуртка десерттер менен ар кандай торттор үчүн атайын колдонулат деп келишет. Бүгүн биз бул мифтерди жокко чыгарабыз...

 

 

Тоок жумурткасы эмнеге пайдалуу

1. Жумуртка – адамды ток алып жүрүүчү тамак

Жумурткада пайдалуу витаминдер, микроэлементтер жана белок бар. Аны бат-бат тамакка колдонгондо, чачтын өсүүсүнө, көрүү органдарына жана жалпы эле организмге оң таасир берет. Орточо эсеп менен бир жумурткада 80 калория бар.

2. Жумурткадагы холестерин организмге оң таасир берет

Холестерин жумуртканын сарысында болот жана лецитин (май менен холестеринди сиңирүүгө жардам берген, өзгөчө зат) менен теңелет.

3. Бышкан жумуртка чийкиге караганда пайдалуу

Чийки жумурткада көбүнчө зыяндуу бактерия – сальмонелла катылып жатат. Ал ысыктан гана өлөт.

4. Ак жумуртка менен күрөң жумуртканын айырмасы жок

Жайылган мифтер, күрөң жумуртка акка караганда пайдалуу дейт, бирок андай эмес. Ак жумуртка күрөң жумурткадан эч кандай айырмаланбайт. Болгону жумуртка тууган тооктун породасынан көз каранды: чаар-ала тооктор күрөң, ал эми ак тооктор ак жумуртка туушат.

5. Диетикалык жумуртка ашкана жумурткасына караганда пайдалуу

Бардык жумурткалар диетикалык жана ашканалык деп бөлүнөт. Диетикалык деп, туура температурада 7 күндөн ашык сакталбаган жумуртканы айтат. Ашкана жумурткасы 25 күнгө чейин сакталат.

6. Жумуртканы катуу жыттанган азыктардын жанына сактаганга болбойт

Жумуртканын сырты поралуу (майда тешикчелүү) структурада болгондуктан, башка жыттарды өзүнө оңой сиңирип алат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.