Адатта сөзсүз ишке аша турган 5 сезим

Ар бир адам интуициясына жана сезүүсүнө ишенгенди үйрөнүп, өзүнүн жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат. Ааламдын кээ бир белгилерин ийгиликке жана өркүндөөгө болгон мүмкүнчүлүктү коё бербеш үчүн жокко чыгаруунун кереги жок. Алтынчы туюм ар бир адамга берилген жана аны өстүрүш керек.

Көбүнчө адамдар жашоону жакшы жакка өзгөрткөнгө боло турган белгилерди байкашпайт, же, байкаса да этибар албайт.

Ката кетирбеш үчүн өзүңүздү угуңуз: көрсө дал ушинтип кыйын абалдан чечим тапканга болот экен.

 

Кубанычты алдын ала сезүү

Башка бирөөнүн оюнан көз каранды болбой өз башыңыз менен жашаганды үйрөнүңүз, канчалык берген кеңеши туура экенине ынандырса да. Эгерде жасап жаткан жумушуңуздан ыракат алсаңыз, пландаган нерсеңизден жагымдуу толкунданган сезим пайда болсо, анда сезимиңизге ишениңиз.

Айланаңыздагылардын оюна карама каршы келсе да, токтотуп койбой алдыга умтулууну улантыңыз.

Ооруну алдын ала сезүү

Эгерде организмиңизде туура эмес бир нерсе болуп жаткандай сезим пайда болсо, көңул бурбай койгон болбойт. Көңүл бурбай коюп, жыйынтыгы жаман болушу мүмкүн. Ар кандай белгилер болушу мүмкүн: оору, сайгылашуу, бейтеңдеш же ыңгайсыздык.

Эсиңизде болсун, көбүнчө организмибиз өзү белги берет, ошондуктан оорунун алдын алуу үчүн дароо дарыгерге көрүнүш керек. Жагымсыз сезим физикалык оорудан эле эмес, жан дүйнө оорусунан да болушу мүмкүн. Ошондуктан ички дүйнө тынчтыгын тартуулоочу көнүгүүлөрдү аткарып туруңуз.

Коркунучту алдын ала сезүү

Бул эң кеңири тараган сезим. Бул тынчсыздануу да, физикалык сезим да болушу мүмкүн: дене дүркүрөп, манжалар сайгылашып же дем кысылып. Эгерде коркуу сезими пайда болсо, сезимдериңизди анализдеп, коркунуч кайдан келээрин түшүнсөңүз болот.

Ички туюмуңузду сезүү менен сиз коркунучтуу тобокелдиктин алдын алып же жокко чыгара аласыз. Коркунуч белгилери сиздин эле эмес жаныңыздагылардын да өмүрүн сактап калышы мүмкүн.

Адамга болгон кызыгууну алдын ала сезүү

Адам менен жакын мамиледе болууну каалаган сезимде өтө кылдат болуш керек, себеби инстинктиңиз келечекте тагдырыңызды түп тамырынан өзгөртүүчү адамга түртүшү мүмкүн.

Бул келечектеги долбооруңуздун демөөрчүсү, жумуштарыңыздагы жардамчы, окууңузга байланыштуу, жумуш берүүчү же чоң сүйүүңүз болушу мүмкүн. Эгерде кызыгуу пайда болсо мүмкүнчүлүктү колдонуп, акырын сөз баштап эмнеси кызыктырганын билип алсаңыз болот.

Өзүңүздүн туура экениңизди сезүү

Айланадагыларыңыздын оюна жана аракетине карабай, жүрөгүңүз дайым туура багыт көрсөтөт. Өзүңүзгө ишеним арттырыш үчүн, өзүңүздүн эмоцияларыңызды жана сезимдериңизди угуңуз. Түштөн кийин өткөрүп жиберген убакытка жана мүмкүнчүлүккө өкүнүп калбаш үчүн эч качан бул сезимге кол шилтебеңиз, ички үнүңүздүн эмне дегенин угуңуз.

Бул өзүбүздүн жашоону жакшы жана жемиштүү кылыш үчүн керек, ар бир адам өзүнүн сезимине жана айлананын белгилерине көңүл бурушу керек. Мунун жардамы менен ийгиликтин кыска жолун таап, кыйынчылыксыз жетесиз!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.