Адамга жагып калганыңды көз карашынан эле билсе болот

Көздүн кыймылдарын карап туруп, адам романтикалык мамиле курганга даяр экенин билсе болот дешет окумуштуулар.

Уэллсли жана Канзас университетинин жакында жүргүзгөн изилдөөлөрү кызыктуу жыйынтыктарды көрсөттү. Адамдын башка адамды карап жаткан кезде көзүнүн кыймылы, досту караганда башкача, жактырып калган адамын караганда башкача болоору белгилүү болду.

 

Окумуштуулар 105 студенттин (эркек жана кыздар) көздөрүнүн кыймылын изилдеп чыгышты. Аларга бейтааныш адамдардын сүрөттөрүн көрсөткөн. Сыноодон өтүп жаткандар, сүрөттөгү адам менен дос болгусу келээрин же романтикалык мамиле кургусу келээрин айтышы шарт болгон.

Көрсө, эркектер, адатта, көбүнчө аялдын көкүрөгүн, белин жана жамбаштарын карайт экен. Бирок, мамиле курабы же жөн эле дос болобу, мааниси жок. Эгер эркек аял менен мамиле түзгүсү келсе, анда анын бетин көбүрөөк карайт экен.

Аялдын көзү, эгер ал эркекти мамиле курчу адам катары кабыл алса, анда көбүнчө көкүрөгү менен бетин карайт.

Эгер эркек дагы, аял дагы кургак мамилени каалашса, анда көбүнчө адамдын сандарын жана буттарын карашат.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.